Президент: тажик тарап 210 миң гектар жерди бересиңер деп жатат, мен каршымын

Президент: тажик тарап 210 миң гектар жерди бересиңер деп жатат, мен каршымын

Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өтүп жатат.

Жыйында президент Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча да суроолорго жооп берди. Президентке «Эмне үчүн чек ара маселеси ушул кезге чейин чечилбей жатат, дагы канча жаран өлүшү керек?» деген суроо берилди.

Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айтып, кайсы маселелер бар экенин ачыктады.

«Мен чек ара маселесин бүгүн отуруп, чечип коюуга даярмын, бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук эмес экен. Ооба, Тажикстан менен болгон кагылышууда 36 жаран каза болуп калды. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе экен. Биз Өзбекстан менен чек араларыбызды такташып келе жатканбыз. Ал бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз, ага чейин мен Тажикстанга байланыштуу документтерди карай элек элем. Май айында УКМКдан эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кагаздарын алдырттым. Ал жерде үч талаштуу маселе бар экен. Ал Төрт-Көчө, Ворухка кеткен жол жана Лейлектеги участок», – деди Жапаров.

Президенттин айтымында, тажик тарап 210 миң гектар жерди сурап жатат. 1956-жылы Совет мезгилинде атка минерлер жылдык планды толтура албагандыктан, жерди кошуна өлкөгө берип салышкан.

«Саясий катачылыктын кесепетинен көп жерлер талаш болуп атат. 1956-жылы өзүбүздүн саясатчылар эттин планын толтура албайбыз деп берип жиберишкен экен. Учурда ата-бабаларыбыздын катасын оңдоп атабыз», – деди президент.

Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө боюнча 2009-жылы 3-мартта Адахан Мадумаров Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес протоколду кабыл алган. Тажикстан ушул протоколдун негизинде жер биздики деп жатышат.

«Ал 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм деп протоколго кол коюптур, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ижарага алгансыңар деп жатышат, 12 жылы өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен айтып жатам, ал кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес. Эч ким ага ыйгарым укук берип, жиберген эмес деп айттым. Бул протокол юридикалык жактан жарабайт экендигин билдирдим. Бул юридикалык документ эмес», – деди Садыр Жапаров.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Шайлоочуларга жаңы система боюнча кантип добуш берүү керектиги түшүндүрүлгөн эмес – Эксперт 29 ноября 2021 г.    16:44
Садыр Жапаров: Ооба, мен добушумду Равшан Жээнбековго бердим 29 ноября 2021 г.    16:12
«Айыл Банктын» коррупция боюнча иштерин иликтөө башталды – элге берилчү жеңилдетилген кредиттер депутаттарга берилген 29 ноября 2021 г.    15:37
Шайлдабекова митингчилердин алдына чыкты – партиялардын мүчөлөрүн БШКга чакырды 29 ноября 2021 г.    15:20
БШК кол менен саналган добуштардын алдын ала жыйынтыктарын жарыялады 29 ноября 2021 г.    14:22
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды 29 ноября 2021 г.    11:59
Президент кечээги шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш берген 29 ноября 2021 г.    11:51
ЖКда кызуу талкуу – Тамеки продукциясына коюлган акциз салыгы кимдин пайдасына өзгөртүлүп жатат? 29 ноября 2021 г.    11:00
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.51
RUB 1.14
KZT 0.200

Конвертер валют