Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондду түзүү жана ага 1 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, туристтик жерлерге баруучу жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери да чечилет.

Жапаровдун айтымында, туризмди өнүктүрүү фондуна кеңири ыйгарым укуктар берилет. Ага туристтик индустриянын объекттерин ижарага берүү, аларды алуу-сатуу боюнча келишимдерди түзүү, ал объекттерди биргелешип өнүктүрүү жана аларды куруу боюнча келишимдерди түзүү, инвестицияларды тартуу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ыйгарым укуктар берилет.

«Туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн жерди пайдалануу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат, мисалы, лыжа туризми менен Караколду, бай тарыхы жана маданияты менен Ошту, Жалал-Абад шаарында болсо рекреациялык кластерди өнүктүрөбүз. Туризм тармагынын ишканалары үчүн белгилүү бир артыкчылыктар берилет», – деп ишендирди Министрлер кабинетинин башчысы.

Жапаровдун пикиринде, ар бир регион өзүнүн тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калктын жана потенциалдуу туристтердин арасында аймакты таанууга өбөлгө түзүүчү жөнөкөй, түшүнүктүү жана таанымал логотибин иштеп чыгышы керек.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти 2 декабря 2021 г.    16:57
Юрист: Укукту жана мыйзамдуулукту тебелеген бийлик эч качан мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт 2 декабря 2021 г.    16:48
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык – иликтөө 2 декабря 2021 г.    16:26
Машинаны мас абалында айдагандарга эми 17 500 сом айып салынат 2 декабря 2021 г.    15:32
ЖКнын депутаттарынын кызматтык унаалары алынып, маяналары төмөндөтүлөт – президент жарлыкка кол койду 2 декабря 2021 г.    14:08
«Кут Строй» курулуш компаниясы санитардык аймакта мыйзамсыз үй курууда – ал жерде пластик, машина майлары иштетилет 2 декабря 2021 г.    13:56
Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө 2 декабря 2021 г.    11:52
ЖЭБ-2 аймагындагы 47.7 га жер мыйзамдаштырылды 2 декабря 2021 г.    11:28
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.90
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют