Депутат Наталья Никитенко Фейсбуктагы баракчасында Министрлер Кабинетинин күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн «Электр станциялары» ААКсын казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйругун жарыялады.
Документке ылайык, компания Бишкек ЖЭБинде техникалык тейлөө үчүн от казандарын алып, аны белгилүү бир сорттогу көмүр менен камсыз кылат.
«Бул күмөндүү репутациясы бар белгисиз жеке компания стратегиялык ишкананын от казандарын тейлейт дегени эмнени билдирет? Ал эми компания кызматы үчүн акча алат, башкача айтканда, жаңы ЖЭБдин коррупциялык насыясы боюнча карызын төлөөгө кеткен акчанын бир бөлүгүн алабы?», – деп сурады депутат.
Белгилей кетсек, жыл башында казак компаниясы кыргыз бийлигине энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча долбоор сунуштаган. Өкмөт тараткан цифраларга ылайык, Hampton Resources Limited компаниясы Караганда шаарында жайгашкан казакстандык EXIM ARTIS LLP көмүр компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат.