«Электр станциялары» ААКга 650 млн сом бюджеттик кредит берилет

«Электр станциялары» ААКга 650 млн сом бюджеттик кредит берилет

ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 19-октябрда «Электр станциялары» ААКсына 650 млн сом бюджеттик кредит берүүнү жактырды.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Талайбек Ибраевдин айтымында, каражат Бишкек менен Оштогу ТЭЦтер үчүн импорттук электр энергиясын жана күйүүчү майды сатып алууга багытталат.

«Сиз Токтогул суу сактагычындагы абалды билесиз, суу аз, калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн биз аны импорттошубуз керек. Импорттоочу «Электр станциялары» ишканасы, бирок компаниянын каражаты жок, бюджетинде 5 млрд сом тартыштыгы бар», – деди ал.

Ибраев энергетика тармагындагы дебитордук карыздын жалпы суммасы 132 млрд сомду түзөрүн, анын 60%ы Электр станциялары боюнча экенин айтты.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти 2 декабря 2021 г.    16:57
Юрист: Укукту жана мыйзамдуулукту тебелеген бийлик эч качан мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт 2 декабря 2021 г.    16:48
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык – иликтөө 2 декабря 2021 г.    16:26
Машинаны мас абалында айдагандарга эми 17 500 сом айып салынат 2 декабря 2021 г.    15:32
ЖКнын депутаттарынын кызматтык унаалары алынып, маяналары төмөндөтүлөт – президент жарлыкка кол койду 2 декабря 2021 г.    14:08
«Кут Строй» курулуш компаниясы санитардык аймакта мыйзамсыз үй курууда – ал жерде пластик, машина майлары иштетилет 2 декабря 2021 г.    13:56
Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө 2 декабря 2021 г.    11:52
ЖЭБ-2 аймагындагы 47.7 га жер мыйзамдаштырылды 2 декабря 2021 г.    11:28
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.90
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют