Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду

Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна 1 млн сомдук илимий грант тапшырды. Бул тууралуу Kaktus.media порталына анын өздүк булактары ​​кабарлаган.

Акаев учурдагы президент Садыр Жапаровдун балдар борборун бүтүрүү демилгесин колдоп, ИУФАдан (Россиядагы Илимий Уюмдар боюнча Федералдык агенттик) 2021-жылга алынган илимий гранттан 1 млн сом бөлүп берген.

Белгилей кетсек, борбордун курулушу 2000-жылдары Акаевдин тушунда Майрам Акаеванын «Мээрим» фондусунун колдоосу менен башталган. Бирок 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин комплекс КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлгөн.

Ушул жылдын март айында Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен бирге борборго келип, мекеменин курулушун бүткөрүүнү тапшырган. Учурда бир блок араб кайрымдуулук фонду тарабынан, экинчиси «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан курулууда.

Ошондой эле Садыр Жапаров да мамлекет башчысынын фондунан бул борборго 3 млн сом, Министрлер кабинетинин фонду да 3 млн сом бөлүп бергенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Лукашенко Бакиевдерден 1.6 млн доллар пара алган – BYPOL 5 декабря 2021 г.    15:36
6-10-декабрда Бишкектин кээ бир райондорунда жылуулук менен ысык суу убактылуу өчүрүлөт 4 декабря 2021 г.    21:57
Министрлер Кабинети электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда 4 декабря 2021 г.    20:52
Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады 4 декабря 2021 г.    20:28
Кыргызстанда экономиканын өсүшү бир аз да болсо байкалууда 3 декабря 2021 г.    17:55
Түркиялык инвесторлор Кара-Балта шаарында 1000 жумуш орундуу текстиль фабрикасын ачышат 3 декабря 2021 г.    17:35
Кыргызстан 6 айда Казакстанга дээрлик 7 миң тонна сүт азыктарын экспорттогон 3 декабря 2021 г.    16:16
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды 3 декабря 2021 г.    15:27
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.80
RUB 1.16
KZT 0.210

Конвертер валют