Россия КРга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт

Россия КРга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт

Россия Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү протоколго бир кечээ, 12-октябрда кол коюлган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан документке экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров, орус тараптан — энергетика министринин орун басары Павел Сорокин кол коюшту.

Стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алуу менен, КРгы мунай продуктыларына бааны турукташтыруу максатында, эки тарап 2021-жылга мунай продуктуларынын индикативдик балансын тууралашты жана 2022-жылга карата индикативдик баланска кол коюшту.

Тактап айтканда, бензиндин бажы төлөмсүз келген көлөмү 460тан 650 миң тоннага чейин (+190 миң тонна), дизель майы 485тен 550 миң тоннага (+65 миң тонна) чейин көбөйөт.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Кыргызстанда бензиндин баасынын жогорулашы байкалууда. Сентябрда Кыргызстанда бензиндин баасы россиялык бензинге салыштырмалуу 2-3 сомго кымбаттаган.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют