Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды

Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды

Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды. Бул тууралуу Улустаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата берилген маалымат боюнча, дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды.

Бир млн тоннадан ашык эгин жыйналып, былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз бастырылды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келген. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42.1%га, арпанын 48.7%га, бакча өсүмдүктөрү 14.6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 6.5%га, картошка 5%га жана жашылчанын түшүмү 1.6%га кыскарган.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют