Өлкө инвесторлорду жоготушу мүмкүн – ЭИК жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо жыйымдарынын жаңы ставкаларына каршы

Өлкө инвесторлорду жоготушу мүмкүн – ЭИК жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо жыйымдарынын жаңы  ставкаларына каршы

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкалары он эсе, жыйырма эсе кээ бир учурларда 1000 эсе көбөйтүлдү. Эл аралык Ишкерлер Кеңеши (ЭИК) бул жаңы ставкаларга каршы экенин билдирет.

Геологиялык чалгындоо иштери менен алектенген компаниялардын тобу эски ставкалар боюнча жылына 5 млн сомдон бир аз ашыгыраак төлөшкөнүн, ал эми жаңы тарифтер боюнча жылына 12 млрд сомдон ашык төлөөгө туура келерин билдиришкен.

Геологиялык чалгындоо иштерине лицензиясы бар дагы бир компания орто эсеп менен жылына 7.5 млн сомго жакын акча төлөп келген, эми болсо жылына 154 млн сомдон ашык төлөшү керек. Иштетүү лицензиясына ээ болгон дагы бир компания эски тарифтер боюнча жылына орточо эсеп менен 170 миң сом төлөсө, эми жылына 11 млн сомдон ашык төлөшү керек.

Ошондо ЭИК эмнеге нааразы?

  • Бийлик бизнес менен кеңешпеди

Алардын айтымында, мыйзамга ылайык, ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, жөнгө салуучу таасирди талдоодон тышкары, бизнес-коомчулуктун талкуусуна коюлат. Бул жасалган жок.

Мындан тышкары, документ коомдук талкууга коюлган эмес. Андыктан, жаңы ставкалардын киргизилгени тууралуу кабар бизнес чөйрөсүн дүрбөлөңгө салды.

  • Чалгындоо иштери зыян тартат

Алардын айтканына таянсак, дээрлик бардык учурдагы ачылган кендер Совет мезгилинде табылган, андан кийин сегиз адистештирилген талаа экспедициясы издөө жана чалгындоо иштери менен алектенген, анда 13 миңден ашык адам иштеген. Азыр бул экспедициялар жок, жаңы кендер ачылбай жатат, анткени мамлекеттик каржылоо жетишсиз.

Алардын айтымында, базар экономикасында бул функцияны жеке компаниялар аткарышы керек. Ошондуктан, издөө жана чалгындоо компанияларын шыктандыруу абдан маанилүү, көптөгөн өлкөлөрдө алар жалпы төлөмдөрдөн бошотулган.

Бул учурда, бул мыйзам баарына тиешелүү – издөө системалары, чалгындоо компаниялары жана аны иштеп чыгуучулар, баары бул жаңы коюлган савкалар боюнча иш алпарат.

  • Компаниялар өз ишмердүүлүгүн кыскартууга мажбур болушат

Издөө жана чалгындоо компаниялары (кийинчерээк ири инвесторлорду тарта турган кенже компаниялар) өз ишмердүүлүгүн кыскартууга жана башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушат. Алар кетсе, мамлекет үчүн бул милдетти аткара турган эч ким болбойт. Лицензияланган аймактар ​​иштебей калат, бул жалпы эле тоо кен өнөр жайынын токтоп калуусуна алып келет.

Учурдагы ставкалар боюнча да мамлекеттик бюджетке келип түшкөн каражат тартыш. Мисалы, 2015-жылы ЛКА (лицензия кармоо акысы) үчүн чогултуу чени болжол менен 40%ды түзгөн. 2017-жылдан бери мунун алкагында төлөмдөрдүн көлөмүнүн азаюу тенденциясы байкалган. 2017-жылы 392.9 млн сом, 2018-жылы – 377.9 млн сом, 2019-жылы – 341.4 млн сом жана 2020-жылы –  251.4 млн сом төлөнгөн.

Демек, чендердин жогорулашы орто мөөнөттүү мезгилде бюджетке төгүлгөн төлөмдөрдүн дагы төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

  • Өлкө инвесторлорду жоготот

ЭИК ишканалардын адистеринин пикирине таянып, компаниялар үчүн жаңы ставкалар чыдагыс жүк болот. Учурдагы инвесторлор кетсе, бул аймактарга жаңы компаниялар келиши күмөн. Жыйноо ставкаларынын баасы геологиялык иштердин баасынан ашып кеткенде эч ким инвестиция кылбайт деп айтууда.

Эскерте кетсек, Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкаларын жана жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин 27-сентябрдагы №185 токтому бекитилген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют