Кыргызстандын IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Жогорку Технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдирди.
Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын IT тармагынын кызматтарынын 35%ын колдонот, андан кийин Казакстан, Россия, Улуу Британия, Япония жана башка өлкөлөр турат.
«ЖТП жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган, анда биз 13 компаниядан баштаганбыз, азыр ЖТПнын резиденттеринин саны 114кө жетти. Акча жүгүртүү 13 млн сомдон 1 млрд 200 млн сомго чейин өстү. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биздин компаниялар буга чейин дээрлик 1 млрд киреше алышкан. Бул жылдын максаты 2 млрд сомго жетүү», – деген Чубак Темиров.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча берген отчетуна ылайык, ушул жылдын II кварталында ЖТПнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.
ЖТП бул кварталда мамлекетке дээрлик 88 миң доллар салык төккөн.