Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар

Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар

Кечээ, 7-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Бишкекке келди. Делегациянын курамында бизнести өнүктүрүү, тоо-кен, айыл чарба жана санариптик секторунун директору Али Алрашди башында турган Royal Group компаниясынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Инвестиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Визиттин жүрүшүндө, араб делегациясынын өтүнүчү боюнча, министрлик мейманкана жана бизнес борборлорунун, курорттук комплекстердин курулушунун долбоорлорун изилдөө үчүн Бишкектин жана Ысык-Көл облусунун ар кандай объектилерине саякаттарды уюштурат.

Арабдар көлдүн жээгиндеги бизнеске жана тоолуу райондордогу мал чарбасы тармактарына кызыкдар.

Белгилей кетсек, бул сапар БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл аль-Мазруи башында турган БАЭ делегациясынын 2021-жылдын 2-4-сентябрында болгон мурдагы  сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулган.

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

ИИМдин Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр бензинди 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга тендер жарыялады 15 октября 2021 г.    17:01
Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду 15 октября 2021 г.    16:09
Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм 15 октября 2021 г.    14:40
«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров 15 октября 2021 г.    14:27
Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана линияга чыгууда 15 октября 2021 г.    13:36
Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар 15 октября 2021 г.    11:40
Корея КРда жаңы технологиялар менен жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кызыкдар 15 октября 2021 г.    11:04
«Түндүк электр» ААК энергия жабдууларын оңдоого 85 млн сом сарптады 15 октября 2021 г.    10:39
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.00
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют