КРгы финансылык рынок, банктар, карьерасы жана дүйнөгө көз карашы – Максатбек Ишенбаев менен маек

КРгы финансылык рынок, банктар, карьерасы жана дүйнөгө көз карашы – Максатбек Ишенбаев менен маек

«Бай Түшүм» банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаев финансы секторунда 20 жылдан бери эмгектенип, бүгүнкү күндө рынокко заманбап банк кызматтарды сунуп келет жана ал 1993-жылы улуттук валютаны киргизгендердин бири болуп саналат.

Максатбек Ишенбаев Economist.kg басылмасына берген маегинде ал Улуттук банкта иштеген мезгилдери, коммерциялык чөйрөдөгү жумуштар жана ийгиликтүү карьеранын сырлары тууралуу айтып берди.

– Айтсаңыз, сиз бул тармакка кантип келип калдыңыз?

– 80-жылдары мүмкүнчүлүктөр өтө деле көп эмес болчу, анда жумушчу класс жана интеллигенция бар эле. Атам менин ага окшоп автобус айдоочусу болушумду каалабады. Ал мени кара жумушка жолотчу эмес, «Бар, китептериңди оку» деп айтып турар эле. Апам финансылык-экономикалык техникумда мугалим болчу, ал дайыма менин финансист болушумду каалачу. Мектепте окуп жүргөндө Теодор Драйзердин «Финансист» деген китебин окуп калдым, андагы башкы каарман мага абдан жакты, ошондо мен финансы дүйнөсүндө укмуштуу окуялар көп болорун билдим.

Өзүмдүн адистигим менен кетсем Экономика министрлигинде же салык кызматында иштемекмин. Студент кезимде салык кызматында практика өтүп калдым. Эсимде, бир жолу кураторлор менен «Ортосай» базарын текшерүүгө барып калдык. Ошондо алар тамеки, спирт, гриль саткан чоң ата, чоң энелердин саткандарын кантип тартып алышкандарын көрдүм. Менин жан дүйнөмө текшерүүчүлүк кесип жакпагандыгын жана бул менин баалуулуктарыма туура келбегендигин так түшүндүм. Ошентип Улуттук банкка жумушка орноштум.

– Финансы тармагы кайсы мезгилде кандай болду? Кайсы убакта кызыктуу эле?

– 1993-жылы улуттук валютаны киргиздик, банк системасынын калыптанышын көрдүк. Биз банктар үчүн бардык эрежелерди, саясатты, процедураларды иштеп чыктык. Мурда Москва баарын жөнгө салчу, эми өзүбүз жалгыз кайыкка түштүк да бүт маселелерди өзүбүз чечишибиз керек болду.

Ал кезде валютанын «черный» базары бар болчу, Улуттук банктын имаратынын жанында сатып алуучулар, спортсмендер, уюшкан кылмыштуу топтор туруп, валютаны алмаштырып турушчу. Жумасына бир жолу полиция келип, баарын таркатып, кээ бирөөлөрүн кармап кетишчү, бирок эки сааттан кийин баары кайра эле чогулуп алышчу. Акча алмаштыруучулар Улуттук банктын тепкичинде, ал эми алтын сатып алуучулар азыркы «Бета Сторес» жайгашкан жерде турушчу.

Дайыма Улуттук банктын доллар курсу жана «черный» рыноктун өзүнчө курсу болоор эле жана жетекчилик дайыма алардын курсун билип турууга кызыкдар эле. Менин интеллигент-курсташтарым аларга баргандан коркушчу, ал жерде болсо менин тааныштарым бар болчу. Кредиттик бөлүмдө иштеп, валюта рыногуна тиешем жок болсо да «черный» рынокко барып, валютанын курсун билип берип жүрдүм. Алар менен туруп тамеки чегип, сурап, аны кайра кесиптештериме айтып келчүмүн. Бир жолу жетекчилеримден бирөө мени алар менен турганымды көрүп калып, каттуу эскертүү берген, бирок мен мунун баарын Улуттук банк үчүн кылып жатам деп оозумдан көбүк чыкканча далилдөөгө аракет кылганым эсимде.

– Сиздин оюңузча, кантип ийгиликтүү карьера кылса болот?

– Тобокелчиликке бара билиш керек жана жоопкерчиликти да ала билүү зарыл. Улуттук банкта мен ыңгайлуу шартта иштечүмүн, анын аркасынан көп саякаттадым, Япониядан экинчи билим алдым, айлыгым да жакшы эле. Мени кийинчерээк 20 банктын ичинен 19-орунда турган «Энергобанкка» чакырышты. Баары мени ал жакка барбоого көндүрүүгө аракет кылышты, бирок мен 28 жашта элем, эгер ордумда дагы бир-эки жыл отурсам, мындан ары тобокелге салып, жылуу креслодон кетким келбей калат деп ойлоп, кеттим.

– Бирок кийин кайрадан Улуттук банкка кайтып келиптирсиз. Буга эмне себеп болду?

– Мен Улуттук банкка төраганын орун басары болуп кайтып келдим. Кайра чиновник болгум келген жок, бирок ал жерде үч жыл иштедим, мага жакты. Менин айлыгым коммерциялык банкка караганда алда канча төмөн болчу, бирок ал жакта менин жакшы социалдык чөйрөм бар эле, биз ЭВФтин, Дүйнөлүк Банктын, Россиянын Борбордук банкынын өкүлдөрү, министрлер жана экономика илимдеринин докторлору менен жолугушчубуз. Мен ушундай адамдар менен ой жүгүртүүмдү кеңейттим. Бирок Бакиевдер келгенден кийин ал жерде иштей албай калдым. Алар биздин «АУБ» («АзияУниверсалБанк») банкы менен биздин ишибизге катуу кийлигишишти, текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салышты, бизге өз ишибизди эффективдүү аткарууга мүмкүнчүлүк беришпеди.

– Бакиевдер жумушка кантип киришишчү?

– Алар өз чөнтөктөрү үчүн гана иштешти, эгер Бакиевдер болбосо, биз «АУБду» эбак эле жаап салмакпыз. Бул банк чоң «кир жуугуч» машинага айланды. Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турганда дайыма колун Улуттук банктын алтын-валюта резервине салгысы келчү. Ал ишканаларга кредит беришибиз керек деди. Акаевдин тушунда болгон Улуттук банктын көз карандысыздыгы Бакиевдин учурунда жокко чыкты. Акаев бизге эч кандай буйрук берген жок, ал биз менен кеңешип, жок дегенде Улуттук банкка карата өзүн сабаттуу алып жүрчү.

– Сиз коммерциялык банктын төрагалыгынан, жогорку айлык акысынан кантип Улуттук банкка кеттиңиз? Эмне үчүн?

– Президент өзү суранып жатса, баш тартуу кыйын. Мен жөн гана «Макул, Аскар Акаевич, качан жумушка киришейин?» дедим. Анын үстүнө баары эле акча менен өлчөнбөйт эмеспи. Менимче, бизде реформа жасоо үчүн мамлекеттик кызматка бара турган адамдардын саны жетиштүү. Мен балдарымдын жана неберелеримдин Кыргызстанда жашашын каалайм жана өз өлкөсү жөнүндө жаман ойлошун каалабайм.

– Кайсы президенттин тушунда Улуттук банкка кайткыңыз келди?

– Роза Исаковнанын убагында. Ал терең билимге ээ, Улуттук банктын ролун жана маанилүүлүгүн түшүнгөн адам. Анын туугандары башкалардыкындай көп эмес, анын айдоочусу башкалардай болуп, экономиканы башкарчу эмес. Ал күчтүү кадрларды баалайт эле.

– Өзүңүздүн жумушуңузду ачуу тууралуу ойлоруңуз болдубу?

– Менин рестораным менен финансылык-экономикалык гезитим бар болчу. Азыр мен бизнес жөнүндө ойлобойм, банкта иштейм, бош убактымда вокалга барам, гитарада ойногонду үйрөнөм, футбол, стол тенниси, гольф ойнойм.

Эгерде мен «Бай Түшүмдө» иштебей калсам, анда мен сөзсүз түрдө каржы жаатында жеке бизнесимди ачам. Банктардан жана микрокредиттик компаниялардан башка бизде эч нерсе жок. Каржылык инфраструктура курулган эмес, жок дегенде депозитарий түзсө деле, эгерде бизнес жакшы курулган болсо, ал ийгиликтүү болот. Финансылык консалтинг компаниясын, лизинг компаниясын ачып деле ийгиликке жетишсе болот.

Экономиканын кыймылдаткычы болгон фондулук рынок да бизде жаны жок. Биринчиден, муну биздин стартаптар банктардан кредит албастан, акча чогултуу үчүн жасаш керек. Бул биржанын өнүгүшүнө экономика өзгөчө кырдаал киргизүү сыяктуу мыйзамдар эмес, жаңы ишканаларды, жумуш орундарын түзө турган, инвестицияларды тартууга багытталган реформалар керек.

– Учурдагы бийликтин банктарга болгон ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

– Банктар өтө эле жөнгө салынган, эгер өкмөт менен Улуттук банк прогрессивдүү банктарды алдыңкы технологиялар менен көргүсү келсе, анда биздин байланган колубузду чечиш керек. Биз бир нерсе кылгыбыз келет, бирок кыла албайбыз. Мисалы, Улуттук банк банктарга өздөрүнүн экосистемасын түзүүгө уруксат бербейт, бизге банк иштери менен гана алектенишибиз керек деп айтышат. Бирок дүйнө тездик менен ушунчалык өзгөрүп жатат жана биз кызыктуу жерлерге кирип, ал жакка инвестиция салышыбыз керек.

«Бай Түшүм» коммерциялык банктардын ичинен биринчи болуп, өзүнүн маркетплэйсин ачкан, бирок биз андан акча табууга акыбыз жок. Бул биздин кардарлар үчүн насыя ала турган платформа болуп саналат. Бирок, эгерде адам продукцияны насыясыз сатып алса, анда биз комиссиялык киреше таба албайбыз. Эгер бул бизге пайда алып келбесин билсек, анда бул багытта иштөө биз үчүн приоритеттүү болбой калат. Балким, биз кыргыздын «Алибабасы» болуп калмакпыз. Казактарда KASPI Банк бар, анда тур пакеттерди, билеттерди, сулуулук салондорунун кызматтарын сатып алса болот.

– Айтсаңыз, «Бай Түшүмдө» жумуш кандай уюштурулган?

– Мен эркиндикти жактырам, биздин банкта эч ким костюм кийбейт, биз ким келгенин жана кеткенин эсепке албайбыз, мен «бирюза» уюмун курууга аракет кылып жатам.

Бала чагымдан бери эркиндикти жактадым. Мен жөн гана дедлайнды белгилейм да андан ары тийбейм. Бала кезимде атам экөөбүз огород казганыбызда ал ары-бери басып эле менин кылгандарымды көзөмөлдөй берчү. Мага болсо тапшырманы берип койсо, андан ары өзүм аткарган жакчу.

Мен кызматкерлерге өз ишин кантип жасоону айтсам, баары эпсиз түрдө жасалат деп ойлойм. Алар процесске кире алышпайт, анткени бул алардын идеялары жана каалоолору эмес, менин жөн эле тапшырмам болуп калат.

Бирок көптөр жөн гана буйрутма алып, аны аткаргысы келгенин байкайм. Балким, бул биздин тарбиябыз же советтик мезгилден калган нерсе, бирок баары эле жоопкерчиликти алууга даяр эмес экен, мен ушул нерсени жок кыла албай келем. Менимче, адамдардын болжол менен 30-40%ы тез өзгөрүүгө жана жаңы реалдуулуктарга көнүүгө даяр. Калгандары көрсөтмөлөргө, жоболорго, буйруктарга муктаж.

Эгерде биз эски ыкмаларды кармана турган болсок, акыры бүт дүйнөдөн артта калышыбыз мүмкүн.

– Жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз?

– Эч кимден эч нерсе күтпө, сен өз жашооң үчүн 100% өзүң жооптуусуң деп айтаар элем. Жаш кезиңерде тобокелге баргыла, үй-бүлө жана балдар болгондо, тобокелге салуу коркунучтуу болуп калат. Ford компаниясынын вице-президенти, кийинчерээк Chrysler компаниясынын президенти Ли Якокканын келечекти билбей жашоо жакшы экендигин айткан сөздөрү жүрөгүмдө калыптыр, ал айткандай, адамдар келечекте кандай көйгөйлөр болоорун билишсе, көптөр өздөрүн атып салмак. Бул сөздөр мага абдан жакын, анткени бардык кыйынчылыктарды жеңсе болот деп ойлойм.

– Сизди ким шыктандырат?

– Кимдир бирөө сизге дем берет, бирок белгилүү бир деңгээлге жеткенден кийин ал жок болуп кетет. Азыр мага бизнесмен жана «Маверик. Дүйнөдөгү эң өзгөчө компаниянын ийгиликтүү тарыхы» китебинин автору Рикардо Семлер жагып жүрөт. Ал башка дүйнөдөн келгендей адам, мага анын бизнеске болгон мамилеси жагат. Мисалы, ал мейманкана бизнесине кирүүнү чечкенде үйүнө аялына келип, мейманканаларда ага эмнелер жакпаганын сураган. Ал check in, check out, багаж менен жүргөндү жактырбаганын айткан.

Анан ал өзүнүн мейманканасында мунун баары болбойт деп чечип, кардар учаардан мурда мейманканага чалып, кызматкерлерден чемоданды алып келүүсүн сурана ала турган кылып койгон. Кардар отелге келгиче анын жүктөрү номерге чыгарылып, үтүктөлүп, бөлмөгө илинип кала турган кылган. Ал бардык барьерлерди жок кылат, ошондой эле бул ой жана идея эркиндигинин маселеси.

Дайыма өзүңө «эмне үчүн?» деген суроону бериш керек, ошондо жооптор улуу идеяларга алып келет.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Лукашенко Бакиевдерден 1.6 млн доллар пара алган – BYPOL 5 декабря 2021 г.    15:36
6-10-декабрда Бишкектин кээ бир райондорунда жылуулук менен ысык суу убактылуу өчүрүлөт 4 декабря 2021 г.    21:57
Министрлер Кабинети электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда 4 декабря 2021 г.    20:52
Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады 4 декабря 2021 г.    20:28
Кыргызстанда экономиканын өсүшү бир аз да болсо байкалууда 3 декабря 2021 г.    17:55
Түркиялык инвесторлор Кара-Балта шаарында 1000 жумуш орундуу текстиль фабрикасын ачышат 3 декабря 2021 г.    17:35
Кыргызстан 6 айда Казакстанга дээрлик 7 миң тонна сүт азыктарын экспорттогон 3 декабря 2021 г.    16:16
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды 3 декабря 2021 г.    15:27
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.80
RUB 1.16
KZT 0.210

Конвертер валют