«Кумтөр» жабдууларды жана тетиктерди албайт – Нью-Йорктун соту «Центерранын» өтүнүчүн колдоду

«Кумтөр» жабдууларды жана тетиктерди албайт – Нью-Йорктун соту «Центерранын» өтүнүчүн колдоду

Нью-Йорктун соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду компаниялары боюнча  өтүнүчүн канааттандырды. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК толук төлөм менен товарларды кайтарып беришет, анткени «КГК» кенди көзөмөлдөбөйт жана алтын сатуудан түшкөн кирешени албайт.

Маалым болгондой, жабдууларды, анын ичинде чоң Caterpillar самосвалдарынын запастык бөлүктөрүн алуу боюнча кенди кыргыз бийлиги мыйзамсыз басып алганга чейин эле «КГК» тарабынан буюртма берилген.

«КГКнын» директору жана «Центерранын» директору Дэниел Дежарден сотто Caterpillar жана башка жеткирүүчүлөр КР менен иш алып барууну каалашпаганын жана товарлар төлөнөөрүнөн күмөн санаганы үчүн берүүлөрдү кайтарып алууга даяр экендигин айткан.

Кыргыз адвокаттарынын каршы пикири четке кагылды.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.39
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют