Бүгүн Токтогулда суунун көлөмү – 12 млрд 211 млн куб метр

Бүгүн Токтогулда суунун көлөмү –  12 млрд 211 млн куб метр

Бүгүн Токтогулда суунун көлөмү – 12 млрд 211 млн куб метр. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.  

Бүгүн, 21-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 211 млн куб метрди түздү. Көрсөтүлгөн маалыматка караганда, суунун агып келүүсү секундасына 301 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 249 куб метрге жетүүдө.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 3 млрд кВт/саатка чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирген. Бул суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын өсүп жаткандыгына жана суу аз мезгилдин кийинки циклине байланыштуу.

Министрликтен билдиргендей, Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү эске алуу менен, 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдерине даярдык үчүн кризиске каршы чаралар көрүлүп, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо планы ишке ашырылууда.  

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.39
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют