«Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт

«Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт

«Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк (ДБ) берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда «Кепилдик Фонду» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров «Биринчи Радионун» түз эфиринде айтты.

«Экономика министрлиги ДБ менен 24 млн долларлык долбоорго кол койду. Негизинен Дүйнөлүк банк КРга 100 млн доллар берип жатат, анын 24 млн доллары «Кепилдик Фондго» бөлүнөт. Анын алкагында ишкерлерге кепилдик портфелдери берилет. Мөөнөтү келгенде бул каражатты кайра министрликке кайтарып беребиз», – деди фонддун төрагасы.  

Белгилей кетсек, «Кепилдик Фонду» 282 млн сом менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын негизги акционери болуп Улуттук банк саналат. «Кепилдик Фонду» 2 миңден ашык ишкерлерге 3 млрд сомдон жогору кепилдик берген. Учурда фонддун 17 өнөктөш банкы бар.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.39
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют