«Яндекс Такси» өзү эмес, анын жергиликтүү өнөктөш компаниялары жыл башынан бери 3.7 млн сом салык төлөштү

«Яндекс Такси» өзү эмес, анын жергиликтүү өнөктөш компаниялары жыл башынан бери 3.7 млн сом салык төлөштү

Сегиз ай ичинде «Яндекс Таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары 3.7 млн сом резидент эместердин киреше салыгын төлөштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

МСКнын маалыматына таянсак, 2018-жылы такси кызматынан резидент эместердин кирешелери боюнча салыктык төгүмдөр – 677.5 миң сомду, 2019-жылы – 687.8 миң сомду, 2020-жылы – 454.6 миң сомду түзгөн.

«Яндекс таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары КРнын аймагында «Яндекс Такси» тиркемесин пайдалангандыгы үчүн тийиштүү салыктарды (резидент эместердин киреше салыгын) төлөөгө милдеттүү.

Ал эми «Яндекс Такси» өзү мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иш алпарат. Анын себеби, мындай ишмердүүлүккө мыйзамдагы талаптардын жоктугу менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, депутат Акылбек Кемелов 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик  өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сураганда, ал «Яндекс.Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштегендигин тастыктаган.

«Бул нонсенс. Алар салык төлөш керек. Алар жаңы технологиялары менен рынокко кирип, канчалаган ата мекендик компанияларды кысып салды. Буга эртерээк чара көрүш керек болчу», – деген болчу депутат Кемелов.

Ошондой эле, «Яндекс Такси» тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде иштеши керек. 

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте ак майдын баасы эң арзан 21 сентября 2021 г.    17:23
Бүгүн Токтогулда суунун көлөмү – 12 млрд 211 млн куб метр 21 сентября 2021 г.    14:51
USAID COVID-19 илдетине каршы күрөшүү максатында КРга 100 миң долларлык жардам көрсөттү 21 сентября 2021 г.    14:35
Экономика министрлиги дыйкандарга жогорку түшүмдүү үрөндөрдү сатып алууга кредит берет 21 сентября 2021 г.    14:01
Банктар кардардын жеке маалыматын соттун чечими менен гана беребиз дешүүдө – Бекболот Алиев 21 сентября 2021 г.    12:37
«Акысыз адвокат» телекөрсөтүүсү аркылуу юридикалык жардам алсаңыз болот 21 сентября 2021 г.    10:52
«Кумтөр» жабдууларды жана тетиктерди албайт – Нью-Йорктун соту «Центерранын» өтүнүчүн колдоду 21 сентября 2021 г.    10:39
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду 20 сентября 2021 г.    17:48
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 100.23
RUB 1.17
KZT 0.200

Конвертер валют