Ноокат аймагында суу менен камсыздоо системасын куруу 4.8 млн еврого бааланды

Ноокат аймагында суу менен камсыздоо системасын куруу 4.8 млн еврого бааланды

Кечээ, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар чакан шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун карап чыгып, добуш берүүгө жөнөтүштү.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Ноокат жана Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча ЕРӨБ менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карашты.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев белгилегендей, Ноокат шаарында жана ага чектеш Фрунзе жана Чапаев айылдарында суу менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү боюнча биринчи макулдашуунун алкагында 4.8 млн евро бөлүнгөн. 2.2 млн евро – ЕРӨБдөн 15 жылга 1% менен насыя түрүндө берилген, 2 млн евро ЕРӨБдөн грант негизинде, 0.6 млн евро Япония өкмөтүнүн гранты болуп саналат.

«Экинчи мыйзам долбоору боюнча, Дүйнөлүк Банктын суранычы боюнча, 6.5 млн евролук насыянын мөөнөтүн 26 айдан 24 айга чейин кыскартуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизилип жатат», – деп билдирди Бөрүбаев.

Талкуунун жүрүшүндө ЖКнын депутаттары сунушталган мыйзам долбоорлорунун социалдык маанисин белгилеп, насыялык жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана курулуштун сапатына талаптагыдай көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын айтышты. Парламентчилер ошондой эле Министрлер кабинетин оңдоо иштерин үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт аяктаганга чейин баштоого чакырып, консультациялык кызматтардын баасын төмөндөтүүнү сунушташты.

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

Швейцария медкызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга КРга 220 млн сом бөлөт 24 сентября 2021 г.    11:00
2020-жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785 сомду түзгөн 24 сентября 2021 г.    10:53
АӨБ КРга экономиканы колдоого 11 млн доллар грант берет 24 сентября 2021 г.    10:39
Кумтөр эмне үчүн «Кыргызалтын» ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарылганына түшүндүрмө берди 24 сентября 2021 г.    10:21
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук банктарынын 22-отуруму өттү (сүрөт) 23 сентября 2021 г.    16:49
Депутаттар Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратууну көздөшүүдө 23 сентября 2021 г.    16:20
Жерүй кенинен КРнын мамлекеттик бюджетине 3 млрд сомдон ашык түштү жана 590 адам жумуш менен камсыз болду 23 сентября 2021 г.    14:35
«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алат 23 сентября 2021 г.    12:51
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 100.32
RUB 1.18
KZT 0.200

Конвертер валют