Улуттук банк коммерциялык банкты насыя алуучулардан туумдарды өндүргөнү үчүн айыптады

Улуттук банк коммерциялык банкты насыя алуучулардан туумдарды өндүргөнү үчүн айыптады

Улуттук банк коммерциялык банктардын бирине насыя келишимдери боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбаганы үчүн насыя алуучулардан туумдарды өндүрүп алганы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктын талаптарын бузган кайсы каржы мекемеси экени УБтын сайтында айтылган эмес.

Эске салсак, Улуттук банктын 2020-жылдын 18-мартындагы «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансылык-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтомуна ылайык, коммерциялык банктарга насыялык келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн насыя алуучуларга айып пул салууга жана өндүрүп алууга тыюу салынган.  

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.80
RUB 1.16
KZT 0.210

Конвертер валют