Кыргызстандын рыногу бир жылда 55 миң тонна канаттуулардын этин керектейт

Кыргызстандын рыногу бир жылда 55 миң тонна канаттуулардын этин керектейт

2020-жылдагы абалга карата, КРнын рыногунун канаттуулардын этине болгон талабы 55 миң тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун билдирүүсүндө айтылат.

КРга алынып келинген канаттуулардын этинин эң көбү Украинадан (дээрлик 17 млн доллар), Россиядан (5.8 млн доллар), Беларусиядан (2.9 млн доллар), АКШдан (2.4 млн доллар), Кытайдан (1.1 млн доллар) келет.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-июлда Ысык-Көлдө «АГРО КУШ» канаттуулар фабрикасынын ачылышы болуп өткөн жана аталган фабрика адал стандарттарына ылайык, эттүү тукумдагы бройлер тоокторун көбөйтүүгө жана багууга, андан кийин союуга, кайра иштетүүгө адистешкен. Аталган фабрикага ОКӨФ 3.5 млн доллар инвестиция салган.

ОКӨФ берген маалыматка таянсак, жергиликтүү өндүрүш пландалган кубаттуулугуна жеткенде, КРдан акча каражаттарынын агып чыгышы болжолдуу 11 млн долларга кыскарат.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.80
EUR 101.16
RUB 1.17
KZT 0.200

Конвертер валют