Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери бир жылда 4.3%га көтөрүлдү

Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери бир жылда 4.3%га көтөрүлдү

Ɵткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 4.3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы 1.2%ды түздү.

Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө (6.7%),  кызмат көрсөтүүлөрдүн турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө (5.9%), кийим тигүү кызматтарына (4.3%), жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча (3.8%), амбулатордук кызмат көрсөтүүсүндө (2.7%), маданий иш-чараларды уюштурууда (2.5%), чачтарач кызмат көрсөтүүлөрүндө (1.6%), транспорт кызматтары (1.5%), мейманкана тейлөөсүндө (1.5%) тарифтердин олуттуу өсүшү катталды.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.80
EUR 101.16
RUB 1.17
KZT 0.200

Конвертер валют