Кыргызстандагы энелердин өлүмү. Буга кандай жумуш шарттары таасир этет?

Кыргызстандагы энелердин өлүмү. Буга кандай жумуш шарттары таасир этет?

Кыргызстанда төрөт учурундагы энелердин өлүмүнүн орточо көрсөткүчү 100 миңге 24.8ди түзөт, бул 2015-жылга карата аныкталган улуттук көрсөткүчтөн (100 миң аялга 15.7ден) ашат. Түздөн-түз медициналык көрсөтмөлөрдөн тышкары, өлүмдүн себеби болуп кош бойлуулук учурунда туура кам көрүүнүн жетишсиздиги да болушу мүмкүн. Көбүнчө, кош бойлуу аялдар жумушсуз калуудан коркуп, ден-соолугун курмандыкка чалышат.

Economist.kg басылмасынын редакциясы Кыргызстанда эмгек мыйзамдары аялдарды кош бойлуу кезинде канчалык коргойт, ошондой эле, энени коргоонун ченемдери иш жүзүндө кандайча сакталаарын билүүгө аракет кылды.

Кыргызстандагы абал

Кыргызстандагы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, энелердин төрөт учурундагы өлүмүнүн орточо көрсөткүчү 100 миң аялга 24.8 туура келет, бул 2015-жылга карата аныкталган улуттук көрсөткүчтөн (100 миңге 15.7) ашат.

Мындай олуттуу сандар кош бойлуулук учурунда аялдар ар тараптуу колдоого, анын ичинде эмгек мамилелеринде ден-соолукту коргоого муктаж экендигин көрсөтүп келет.

Кесиптик саламаттык боюнча эксперт Алмаз Султашев эмгек шартынын начардыгы кош бойлуу энелердин ден-соолугуна терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Биздин системанын жөнгө салынуусу өтө начар, аялдар айлык алуу үчүн төрөгөнгө чейин иштөөгө мажбур болушат. Жумуш жасоого болбой турган же жеңил гана иш менен алектене турган белгилүү бир мөөнөттөр бар. Бирок аялдар акырына чейин эле жумушка маршруткалар менен каттай беришет, бул да кандайдыр бир деңгээлде эне-баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт», – дейт эксперт.

Ал белгилегендей, Европада кош бойлуу аялдардын иштөө шарттарын ачык-айкын көрсөткөн чектөөлөр мыйзам чыгаруу деңгээлинде каралган.

«Эгерде ишти жеңилдетүү жана тийиштүү шарттарды түзүүгө мүмкүн болбосо, анда жумуш берүүчү кызматкердин ишинин түрүн өзгөртүшү керек», – дейт Алмаз Султашев.

Кош бойлуулук учурунда коопсуз чөйрөдө иштөө укугун камсыздай турган аныктамалар Кыргызстандын мыйзамдарында жок.

Эмгек шарттарынын үч категориясы бар: оптималдуу, алгылыктуу жана зыяндуу. Эл аралык стандарттарга ылайык, иш берүүчү тийиштүү стандарттар эске алынуучу оптималдуу шарттарды, ошондой эле алардын ашыкчаларын аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.

«Биздин мыйзамдар реформалоону талап кылат, биздин өлкөдө бардыгы өтө категориялык мүнөзгө ээ, мисалы, европалык мыйзамдар өтө ийкемдүү жана жагдайга карап ар кандай чечимдерди сунуш кылат. Кыргызстан ЭЭУнун энелерди коргоо боюнча конвенциясын али ратификациялай элек, ал конвенциянын көптөгөн сунуштары биздин өлкө үчүн пайдалуу болмок. Бирок кеп биздин мыйзамдардын ага даяр эместигинде», – дейт эксперт.

Дүйнөлүк практика

Россияда кош бойлуу аялдар жумуш жүгүн азайтууну суранса болот. Ошондой эле кызматкер:

  • көлөмү 60 децибелден ашкан ызы-чуу
  • коркунучтуу химиялык заттар
  • жийиркеничтүү жыты бар заттар
  • дирилдөө же УЗИ
  • шамал тийген жер ж.б.у.с. жагымсыз факторлор бар иш ордунан башка жерге которулууга укуктуу.

Ошол эле убакта кызматкер:

  • жерден буюмдарды алып коюуга
  • 2 чакырымдан узак жүрүүгө
  • кийим жана бут кийим суу болгон шартта иштөөгө
  • чөгөлөп, тизе бүгүп, эңкейип иштөөгө
  • 1.25 килограммдан ашык салмактагы нерселерди көтөрүүгө болбойт.

Ушул жана башка ченемдер санитардык эрежелерде, ошондой эле кош бойлуу аялдарды жумушка орноштуруу боюнча гигиеналык сунуштарда бекитилген.

Мындан тышкары, кош бойлуу аялдар компьютерде күнүнө үч сааттан ашык иштебеши керек, ошол эле учурда, жумуштун жеңилдетилгенине карабастан, кош бойлуу аялдарга орточо эмгек акы төлөнүп берилиши шарт.

Германияда энелерди коргоо боюнча мыйзамга ылайык, кош бойлуу аялдар:

  • 5 кгдан же 10 кгдан (мезгил-мезгили менен) жогору болгон жүктөрдү көтөрүүгө
  • күнүнө 4 сааттан ашык иш убактысын туруп иштөөгө (кош бойлуулуктун 5 айынан кийин)
  • тез-тез бүгүлүүнү, бурулуштарды, ийилүүнү же артка эңкейүүнү талап кылынган жерде
  • кырсыкка же жаракат алуу коркунучу жогору (буга тайгаланып кетүү же оодарылып кетүү мүмкүнчүлүгү дагы кирет) жумуштарды аткарууга болбойт.

Кош бойлуу аялдарга жана эмчек эмизген энелерге, иш күндөрү кечки саат сегизден таңкы саат алтыга чейин, кошумча, жекшемби жана майрам күндөрү ашыкча иштөөгө тыюу салынат. Айрыкча 18 жана андан жогорку жаштагы аялдарды күнүнө 8.5 сааттан ашык, же эки жумада 90 сааттан ашык иштетүүгө тыюу салынат.

ЭЭУнун маалыматы боюнча, кош бойлуу аялдардын, жаңы төрөгөндөрдүн жана эмчек эмизген энелердин тынчын алууну чектөө 32 мамлекетте мыйзамдаштырылган, жумуш берүүчүлөрдүн жумуш ордунда тобокелдиктерге баа берүү боюнча милдеттенмелери 27 мамлекетте колдонулат.

Кыргызстандагы абалды кантип жакшыртса болот?

Көптөгөн мамлекеттердин артынан Кыргызстан да кош бойлуу аялдардын жана эмчек эмизген энелердин ишин жөнгө салган документти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Ага таянып, аялдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салган учурдагы жумуш орундарынын тизмесин алмаштырууга мүмкүн болот.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (азыркы учурда – Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги – ред.) ЭЭУнун эксперттик жардамы менен даярдаган жаңы документ, учурдагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык иштелип чыккан жана кош бойлуу аялдарга оор жүктөрдү көтөрүүгө тыюу салууну карайт; кош бойлуу жана эмизген аялдарды стационардык жумуштар менен камсыздоо, эркин режимде жана позицияда иштөө мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Мындан тышкары, кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдарга системалуу түрдө иштөөгө жана ашыкча маалыматка дуушар болушу мүмкүн болгон шарттарда эмгектенүүсүнө чектөө коюу, кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн жумуштун жана убакыттын кескин чектелишин камсыз кылуу, эмгекти жана жумуш ордун рационалдуу эмес уюштурууну жоюу сунушталат. Кош бойлуу аялдарга ашыкча жумушка, командировкага, түнкүсүн жана кечинде, дем алыш жана майрам күндөрү жумушка чакырбоо каралган.

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын укуктарын камсыз кылууга жана коргоого багытталган дагы бир кадам – ЭЭУнун Энелерди жана эмизген энелерди коргоо боюнча 183 Конвенциясын ратификациялоо болушу мүмкүн. КР аны бекитүү үчүн документтерди даярдап койгон. Конвенция өкмөттү ушул багыттагы мыйзам ченемдерин кайра карап чыгууга, анын ичинде бир катар ченемдерди өркүндөтүүгө, ошондой эле кош бойлуу энелер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө түртөт.

Ошентип, биз башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү эмгек рыногунда аялдардын укугун коргоо системасын өркүндөтүп жаткандыгын көрүп жатабыз, ал эми Кыргызстанда бул маселе актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Алмаз Султашев кошумчалагандай, ички мыйзамдар негизинен Советтер Союзунун мурасы болуп саналат жана көптөгөн мыйзамдар, ошондой эле Эмгек кодекси жарандардын учурдагы муктаждыктарын канааттандырып, эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн реформаларга муктаж.

Мисалы, документти ратификациялоодо ар бир мүчө мамлекеттин органдары кош бойлуу эненин же баланын ден-соолугуна зыян келтирүүчү факторлор болгон иш орундарын карап чыгып, ага жараша тиешелүү чараларды көрөт. Башкача айтканда, конвенция Кыргызстанда күчүнө кирери менен, бийлик эл аралык эмгек стандарттарын сактоо үчүн улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга аргасыз болот.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.80
EUR 101.16
RUB 1.17
KZT 0.200

Конвертер валют