«Качан балалуу болосуңар?» Эмгек рыногундагы аялдар дуушар болгон басмырлоолор

«Качан балалуу болосуңар?» Эмгек рыногундагы аялдар дуушар болгон басмырлоолор

Кыргызстанда эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзам бар, анда ар кандай жыныстагы адамдардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүгүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу каралган. Бирок иш жүзүндө аялдар жумушка орношкондон тартып эле ар кандай басмырлоолорго дуушар болушат.

Economist.kg басылмасынын редакциясы аялдар жумушка киргенде эң көп кандай дискриминацияларга туш келишерин билүүгө аракет кылды.

Кандай көйгөйлөр бар?

Маектешүү учурунда жеке жашоосуна тиешелүү суроолор канчалык көп берилерин билүү үчүн, редакция арыз ээлерине кайрылды. Респонденттердин бешөөнөн төртү, ушул сыяктуу суроолорду алышкан.

«Менден үй-бүлөм жөнүндө, балалуу болуу тууралуу пландарымды сурашты жана декреттик өргүүгө кете турган кызматкерди жалдоо алар үчүн пайдасыз экендигин түшүндүрүштү», – деди сурамжылоого катышкандардын бири.  

AlfaLeader HR-агенттигинин жана корпоративдик окуу борборунун директору Жылдыз Шекекованын айтымында, алардын кардарлары аял кызматкерлерин таап берүүсүн суранышат, бирок ошол эле убакта бардык эле компаниялар декреттик өргүүгө шарттарды түзүп берүүгө даяр эмес.

«Ооба, жумуш берүүчүлөр төрөт курагындагы аялдарды жумушка алгандан корккон учурлар болот, бирок көбүнчө бул компаниянын жетиле электигине жана тажрыйбасыздыгына байланыштуу. Адатта, аялдар мыкты жана жоопкерчиликтүү иштегендиктен, аял-эркек маселесине маани бербегендер утушат. Ошондой эле, эмгек акы менен насыяны төлөгөн аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу көп экендиги тууралуу статистикалык маалыматтар бар», – деди Жылдыз Шекекова.

Агенттиктин кардарлары болуп, соода агенттерин, сатуучуларды, эсеп менеджерлерин ж.б.у.с адистерди издеген чакан жана орто бизнес ишканалары эсептелет. Аялдарга артыкчылык берилгени менен, жумуш берүүчүлөр декреттик өргүүнү толугу менен төлөөгө даяр эмес.

«Аялдар төрөгөндөн 2-3 айдан кийин эле жумушка чыгуу үчүн, бала багуучуларды табууга же туугандарынан жардам сураганга аракет кылышат. Баары эле аялдарды экономикалык жактан колдоого даяр эмес. Көбүнчө «2-3 айдан кийин жумушка чыгышыңды күтөбүз» дешет. Бирок, албетте, жакшы кызматкерлерди күтүшөт. Ошол эле кезде кош бойлуу аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү абдан аз», – дейт адис.

Мыйзам эмне дейт?

Мыйзамга ылайык, түздөн-түз гендердик басмырлоого аялдын үй-бүлөлүк абалы, кош бойлуулугу, пландалып жаткан кош бойлуулук жана үй-бүлөлүк милдеттери тууралуу суроолор кирет.

Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууда гендердик теңчиликтин кепилдиктери жөнүндө өзүнчө берене бар, анда ар кандай жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматка көтөрүлүүдө жана ишмердигин андан ары жүргүзүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги айтылган.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери гендердик саясатты эске алуу менен, кызматкерлердин карьералык өсүш саясатын иштеп чыгышы керек.

Эркектер менен аялдар президенттике, жогорку мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматтарга шайлануу үчүн бирдей укуктарга ээ.

Дүйнөдөгү абал

Эмгек рыногунда аялдарды басмырлоо бүткүл дүйнөдө кеңири жайылган. Human Rights Watch эл аралык уюмунун макаласында, пандемия эң биринчи аялдарга катуу сокку урганы айтылат.

«Пандемия учурунда аялдар эмгек рыногунан биринчилерден болуп бошотулушту, анткени алар көп учурда эркектерге караганда аз айлык төлөнгөн жана эмгек кепилдиги каралбаган расмий эмес жумуштар менен алектенишет. Өткөн жыл аялдар үчүн чыныгы экономикалык бир кырсык болду», – деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, окуу мекемелери жабылгандыктан, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аялдар жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан.

БУУнун божомолунда, 2021-жылдын сентябрына чейин пандемиянын кесепетинен, кошумча 47 миллион аял жакырчылыкка кириптер болот.

«Бийликти аялдарды жумуш ордунда басмырлоодон коргоо үчүн мыйзамдарды кабыл алууга мажбурлаган Эл аралык Эмгек Уюмунун жаңы конвенциясы сыяктуу куралдар бар. Ага ылайык, көптөгөн мамлекеттер аялдарга декреттик өргүүсүн төлөп беришет жана ал конвенциянын жардамы менен ажырашуу, мурас боюнча кырдаалдарда алардын менчик укуктарынын юридикалык кепилдиктеринин абалы да жакшырууда», – деп айтылат макалада.

Энелерди коргоо конвенциясы

Эл аралык Эмгек Уюму эмгек рыногундагы бардык аялдардын тең укуктуулугун, эне менен баланын ден-соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, документти ратификациялаган мүчө мамлекеттердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндөгү айырмачылыктарды эске алуу менен, энелерди коргоо боюнча конвенция иштеп чыккан.

Өлкөдө эркектерге караганда аялдардын саны көп экендигине карабастан, Кыргызстан бул конвенцияны ратификациялай элек. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы аялдардын саны дээрлик 3 млн 286 миң, ал эми эркектердин саны 3 млн 238 миң.

Жогорудагы маалыматтар көрсөткөндөй, аялдар эмгек рыногундагы аярлуу катмарга киришет. Улуттук мыйзамда гендердик теңчилик каралганы менен, бирок иш жүзүндө маселе аялдарды эмгек рыногунда коргоонун механизмдерин өркүндөтүүнү талап кылып келет.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

«Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык 8 декабря 2021 г.    17:21
Монополияга каршы агенттик: КРда бензиндин кескин кымбатташына жол берген жокпуз 8 декабря 2021 г.    17:00
«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди 8 декабря 2021 г.    16:44
Жер салыгынан бошотуудан үч жылда бюджетке 1 млрд сом түшпөй калат 8 декабря 2021 г.    15:28
Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди 8 декабря 2021 г.    14:35
Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот 8 декабря 2021 г.    12:11
Акылбек Жапаров: Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар 8 декабря 2021 г.    11:40
Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 700 миң евро берет 8 декабря 2021 г.    10:28
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 96.55
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют