Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды – МСК

Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды – МСК

Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Ведомстводон билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин – турак үйлөр, батирлер (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.

Жарандар салык органына барбай эле өзү үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.

  • Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.
  • Толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди 1 декабря 2021 г.    16:55
Адахан Мадумаров: Мындан өткөн сабатсыз бийлик барбы? 1 декабря 2021 г.    16:46
Бюллетендердин 40%дан ашууну кол менен саналып бүттү 1 декабря 2021 г.    16:31
Ноябрда аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу электр энергиясын керектөө бир аз кыскарды 1 декабря 2021 г.    15:33
БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда 1 декабря 2021 г.    15:00
Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет 1 декабря 2021 г.    14:41
«Жалпы иш» шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып жатат 1 декабря 2021 г.    12:43
Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды 1 декабря 2021 г.    12:41
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.86
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют