Шаарды өндоп-түздөгөнгө караганда, жаңысын куруу оңой – атка минерлер Ысык-Көлдө «келечектин шаарын куруу» идеясын көтөрүштү

Шаарды өндоп-түздөгөнгө караганда, жаңысын куруу оңой – атка минерлер Ысык-Көлдө «келечектин шаарын куруу» идеясын көтөрүштү

КРнын президентинин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда профилдик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн жыйында «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» пилоттук долбоору тааныштырылып, талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден-соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу ж. б. каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалып жатканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоордун авторлорунун айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү менен экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө ж. б. суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жыйындын жыйынтыгында, аталган долбоор боюнча ар тараптуу анализдөө жана керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, кургак жерлерди трансформациялоо, керектүү инженердик жана байланыш тармактарынын наркын, ошондой эле тармактарга жараша алардын кирешелүүлүк деңгээлин изилдеп чыгуу сыяктуу маселелер боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди 1 декабря 2021 г.    16:55
Адахан Мадумаров: Мындан өткөн сабатсыз бийлик барбы? 1 декабря 2021 г.    16:46
Бюллетендердин 40%дан ашууну кол менен саналып бүттү 1 декабря 2021 г.    16:31
Ноябрда аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу электр энергиясын керектөө бир аз кыскарды 1 декабря 2021 г.    15:33
БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда 1 декабря 2021 г.    15:00
Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет 1 декабря 2021 г.    14:41
«Жалпы иш» шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып жатат 1 декабря 2021 г.    12:43
Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды 1 декабря 2021 г.    12:41
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.90
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют