АӨБ КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 8 млн долларлык техника берди

АӨБ КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 8 млн долларлык техника берди

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине климаттын өзгөрүүсүн азайтуу жана табигый коркунучтардан улам келип чыккан жаратылыш кырсыктарынан кийин калыбына келтирүү иштери үчүн 85 даана атайын жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Атайын жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү үчүн 7.93 млн доллар өлчөмүндөгү каражат 2018-жылы ноябрда бекитилген АӨБдүн «Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун гранттык компонентинен бөлүнгөн.

Атайын жабдуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • ар кандай модификациядагы экскаваторлор – 28 даана
  • алдыңкы жүктөгүч – 8 даана;
  • бульдозер – 7 даана;
  • автогрейдер – 2 даана;
  • кран манипулятору – 8 даана;
  • автокран – 4 бирдик;
  • самосвал – 10 даана;
  • көчмө цех – 2 даана;
  • күйүүчү май ташуучу унаа – 4 даана;
  • жүк ташуучу трактор (жарым чиркегич), жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тонна – 8 даана;
  • жүргүнчү ташуучу кичи автобус – 2 бирдик;
  • жүргүнчү ташуучу Пикап – 2 даана.

Долбоор климаттын өзгөрүшүнөн улам суу ташкыны жана кургакчылыкка туруштук бере албаган, КОВИД-19 пандемиясынын таасиринен жабыркаган өлкөнүн түштүк-батышындагы Фергана өрөөнүнө жана түндүгүндө Чүй дарыясынын алабына көңүл бурат деп билдиришти банктын маалымат кызматынан.

Долбоор модернизацияланган жана талаптагыдай сакталып турган инфраструктура, айыл чарба суусун башкарууну жакшыртуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууну жакшыртуу аркылуу Кыргызстандын суу секторунун климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруштук берүүсүн бекемдейт.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди 1 декабря 2021 г.    16:55
Адахан Мадумаров: Мындан өткөн сабатсыз бийлик барбы? 1 декабря 2021 г.    16:46
Бюллетендердин 40%дан ашууну кол менен саналып бүттү 1 декабря 2021 г.    16:31
Ноябрда аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу электр энергиясын керектөө бир аз кыскарды 1 декабря 2021 г.    15:33
БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда 1 декабря 2021 г.    15:00
Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет 1 декабря 2021 г.    14:41
«Жалпы иш» шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып жатат 1 декабря 2021 г.    12:43
Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды 1 декабря 2021 г.    12:41
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.90
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют