Россиянын эмгек рыногундагы кыргызстандыктардын укуктары. Кантип кулчулукка жана башка көйгөйлүү кырдаалдарга кабылбаш керек?

Россиянын эмгек рыногундагы кыргызстандыктардын укуктары. Кантип кулчулукка жана башка көйгөйлүү кырдаалдарга кабылбаш керек?

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Россияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Эки өлкө тең эмгекчилердин жашоо деңгээлин жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткандыгына карабастан, көптөгөн кыргызстандыктар эмгек рыногундагы дискриминацияга туш болушууда, ал тургай, кулчулукка кабылган же жумуш берүүчү тарабынан алданып калган да учурлары аз эмес.  

Эмгек миграциясы жаатындагы эксперт Светлана Баштовенко Россиядагы кыргызстандыктардын  көйгөйлөрү жөнүндө айтып берди.

Economist.kg басылмасынын редакциясы мигранттардын абалын кантип жакшыртууга болорун билүүгө аракет кылды.

Мигранттардын абалы

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айынан июнь айына чейин 380 миңге жакын кыргызстандык миграция каттоосунда турган, бирок расмий эмес статистикага ылайык, алардын саны 1 миллиондон ашат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушчулары Россиядагы эмгек мигранттарынын жалпы санынын 17.6%ын түзөт. Башка өлкөлөрдүн (Казакстан, Беларуссия, Армения) ичинен эң көп Кыргызстандан барган жумушчулар жалпы эмгек мигранттарынын 8.3%ын түзөт.  

 «ЕАЭБде мигрант деген термин жок, жумушчулар бар. Мындан тышкары, алардын укуктары эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргогон Эл аралык Эмгек Конвенциясынын универсалдуу документи менен жөнгө салынат. Бул укук пайдубалын өзүбүз билишибиз керек, болбосо түрдүү кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн», – деди Светлана Баштовенко.

Ал белгилегендей, миграция процессине катышкан үч өлкө – туулган мамлекет, жумуш берүүчү мамлекет жана транзиттик мамлекет бардык эмгек мигранттарынын укуктарын аткарууга жана урматтоого милдеттенишип, келишимдерге кол коюшат. Конвенция жынысы, расасы, терисинин түсү, дини ж.б.у.с. өзгөчөлүктөргө бөлбөстөн, бардык жарандарга бирдей каралган.  

Карантинден кийин, 80 миң рублдан башталган билеттердин баасынын кымбаттыгына карабастан, мекенине кеткиси келген жарандардын саны 500 миңден ашты. Бул Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын кыйла бөлүгү миграцияда жүргөнүн жана эл аралык эмгек рыногунда алар өз укуктарын камсыз кылууга муктаж экендигин айгинелейт.

Жарандарыбыздын башка мамлекеттеги абалын жакшыртуу үчүн биз ар кандай кырдаалды алдын-алышыбыз керек, маселен, алардын адам сатуучуларга, алдамчыларга жана башка оор кырдаалдарга туш болуу тобокелчилигин азайтуу максатында маалыматтык кеңеш берүү зарыл.

Мигранттардын көйгөйлөрү

Эксперттин айтымында, көптөгөн адамдар расмий бөлүмдөрдөн кеңеш албастан, баягы эле дос-туугандары аркылуу кетип калып жатышат.

Негизги көйгөй – эмгек миграциясына кетүү чечимин кабыл алуунун стихиялуулугу. Бул маселе боюнча кызмат көрсөткөн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бар, мисалы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында маалыматтык-консультациялык борбор бар.

«Биз жакында эле орто мектептердеги жогорку класстардын окуучуларынын арасында мындан ары эмне менен алектенесиң деген темада сурамжылоо жүргүздүк. Анда эмгек миграциясына ким барат деген суроого окуучулардын 74%ы кол көтөрүштү», – деди Баштовенко.

Мигранттардын көйгөйү – өз укуктарын жана аларды коргоонун жолдорун билбегендиги.

«Чындап эле кулчулуктун курмандыгына айланып калуу коркунучу бар. Бизде кулчулукта жүргөн жарандар да аз эмес. Мунун бардыгы мыйзамдуу негизде калуунун шарттары жөнүндө билбегендиктин кесепети», – деп белгилейт эксперт.

Кыргызстандыктарга берилген артыкчылыктар

Россияда жүргөн кыргыз мигранттарына бир топ артыкчылыктар берилген, мисалы, айдоочуларга Кыргызстанда берилген күбөлүк менен жүрүүгө, ошондой эле патенттин негизинде иш алып барууга уруксат берилет.

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн макулдашуусу боюнча иштөөнүн өзгөчө шарттары бар. Мисалы:

  • Эмгек мигранттарынан ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат алуу талап кылынбайт
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген жарандын алган билими тууралуу документтер таануу процесстерисиз эле таанылат
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жумушчуларга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бекер медициналык тез жардамды (шашылыш түрдө) алууга укук берет.

Берилген жеңилдиктердин толук тизмесин бул жерден тапса болот.

Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ) эмгек маселесинде бирдиктүү жумушчу мейкиндигин эч кандай мамлекеттик чектөөлөрсүз эле түзүү идеясын колдоп келет. Мисалы, ЭЭУ мамлекеттик кызматтарда эмгектенгендер үчүн колдонмо иштеп чыккан.

«ЭЭУнун Москвадагы кеңсеси дүйнөлүк эмгек рыногундагы жаңы тенденцияларга жооп катары, жумушка орноштуруу кызматтарынын институционалдык потенциалын күчөтүүгө жардам берүү үчүн колдонмолорду иштеп чыгууга күч жумшады», – деди ЭЭУнун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Хайнц Коллер (Heinz Koller).

Колдонмодо Россия Федерациясында, Өзбекстанда жана Азербайжанда жумушка орноштуруу кызматынын улуттук реформаларын колдоо боюнча бай тажрыйба чагылдырылган. Ошондой эле, КМШга мүчө мамлекеттердин иш менен камсыз кылуу саясаты боюнча кызматташтыгын жеңилдетип, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматынын персоналын потенциалды арттыруу жана окутуу иш-чараларын жүргүзүү керек.

Эмне үчүн укук бузуулар токтобой келет  

Мамлекеттер мыйзам чыгаруу деңгээлинде татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылууга аракет кылып жаткандыгына карабастан, кыргызстандыктардын укуктарынын бузулуусу токтобой келет.

«Эң негизги көйгөйлөрдүн бири – бул жасалма документтерди ортомчулар аркылуу алуу жана бул кулчулукка барабар шарттарга алып келет. Биздин адамдар дубалдагы илинген жарнаманы көрүп барып алып эле, тобу менен кулчулукка түшүп кетип жатышат. Баарын расмий органдар аркылуу жасаган жакшы, анткени бул нерсенин аркасында өмүрүңүздү коргоо турат», – деди Светлана Баштовенко.

Өз укугуңду кантип коргоого болот?

Биринчиден, өз укугуңду коргоо үчүн, тиешелүү мыйзамдарды билиш керек:  

  • Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук статусу жөнүндөгү федералдык мыйзам
  • Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык каттоосу жөнүндөгү мыйзам
  • Өлкөгө кирүү жана чыгуу жөнүндө мыйзам
  • Тышкы миграция жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • 2014-жылдагы ЕАЭБ келишиминде берилген артыкчылыктардын социалдык кепилдиги тууралуу.    

«Биримдикке мүчө мамлекеттердин жумушчуларына медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол бар. Бардык жумушчулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү акысыз медициналык жардам алууга укуктуу. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгекчилерди пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишимдер бар. Кантсе да адамдар иштегени жаш убагында кетип, карыганда кайтып келип жатышпайбы», – деп түшүндүрдү эксперт.  

Россияга иштегени бара жаткан кыргыз жарандары үчүн адистер кыскача нускама иштеп чыгышты.  

1-кадам. Өлкөгө туура кирүү, миграциялык картаны толтуруу, полиция менен туура мамиледе болуу, жумуш жана турак жай табуу ж.б.у.с. маселелер боюнча бардык маалыматтарды акысыз берген расмий адистерден кеңеш алуу керек.

2-кадам. Өзүңдү кара тизмеде бар-жогуңду  текшерип чыгуу зарыл. Адамдар Россияга келгенден кийин гана кирүүгө тыюу салынганын билген учурлары жок эмес.

3-кадам. Чек арадан өтүп жатып, миграциялык картаны толтуруу.

Кыргызстандын жарандары үчүн жумуш табууга 30 күн берилген, ошондуктан адистер бул маселени алдын ала кароону сунушташат.

«Жумушка орношкондо, сиз өз аты-жөнүңүздөгү жана мөөр басылган өткөрүү кагаздарын, эсеп-дүмүрчөктөр, фотосүрөттөр, нөөмөт күндөлүктөрүн чогултушуңуз керек. Ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн, андыктан баардыгын жаздырып алган жакшы», – деп белгиледи эксперт.

Ар бир мигрантта түзүлгөн эмгек келишими, инсандык күбөлүк, миграциялык карта, эмгек китепчеси, камсыздандыруу күбөлүгү, алган билими жөнүндө документ, ИНН (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу) болушу зарыл.

Ар бир мигрант төмөндөгү учурларда социалдык камсыздандырууга укуктуу:  

  • ооруга байланыштуу (ооруга төлөмдөр)
  • төрөт/эне болууга байланыштуу (эне, балага жөлөк пул)
  • кырсыктардан жана оор оорулардан
  • кызматкер каза болгон учурда
  • милдеттүү медициналык камсыздандыруу      

Кыргызстандын бардык жарандары медициналык камсыздандыруу полисинин болушуна карабастан, Россиянын жарандары менен бирдей шартта акысыз (шашылыш) медициналык тез жардам алууга укуктуу.

Расмий түрдө иштеген жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу иштеген Кыргызстандын жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерине кайрыла алышат. Кыргызстандын жарандарынын калган категорияларына (жумушчунун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана эмгек келишимин түзбөстөн иштеген жарандарга) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин алуу сунушталат.  

ЭЭУнун конвенциясы

«Эмгек мигранттары өз эмгектери менен иштеген өлкөсүндөгү экономиканын өсүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошушат. Мигранттын мекени да алар которгон акчадан пайда көрөт. Ошого карабастан, миграция процесси татаал кыйынчылыктарды жаратып келет. Көпчүлүк эмгек мигранттары, айрыкча, квалификациялары төмөн жумушчулар, катуу кордолушат жана эксплуатацияга кабылышат», – деп айтылат ЭЭУнун Эмгек Миграциясынын көп тараптуу негизги программасында.  

Ушул эле публикацияда эмгек миграциясы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мисалдар келтирилет.  Мисалы, 1989-жылы ЭЭУ жана Япониянын Эмгек министрлиги Азияда жумуш менен камсыз кылууну илгерилетүү боюнча өлкөлөр аралык стратегиялык ыкмалардын долбоорун иштеп чыгышкан. Анын милдеттеринин бири – Чыгыш Азияга, айрыкча Японияга мыйзамсыз мигранттардын келип чыгуусунун негизги булагы болгон айрым Азия өлкөлөрүнүн миграциялык кысымын азайтуу болгон.

Долбоордун негизги максаты – тандалган өлкөлөрдүн эмгек рыногундагы макро- жана микро деңгээлиндеги көйгөйлөрдү жигердүү саясат аркылуу чече турган иш менен камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгуу жана илгерилетүү болгон. Негизги көңүл айылдарда жана шаарларда жакырларга, жумушсуздарга жана жарым-жартылай жумушсуздарга ылайыктуу эмгек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бурулган.

Бул мисал, Кыргызстандан Россияга эмгек миграциясына эч кандай жол менен корголбогон мыйзамсыз мигранттардын агылган учуруна  окшош. Азыркы учурда, жогоруда келтирилген маалыматтардын негизинде, калктын өз укуктары жөнүндө маалыматынын төмөндүгү же жоктугу негизги көйгөй деп жыйынтык чыгарса болот.

Пайдалуу маалымат

«Карылар үчүн Ресурстук Борбор» Коомдук бирикмеси, USAID уюмунун колдоосу менен, Winrock International тарабынан ишке ашырылган «Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция» кыргыз мигранттары үчүн телеграмда KyrgyzMigrant_bot  каналында укуктук жана психологиялык онлайн консультацияларды берүү башталды.  

Ошондой эле, эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн MiгрAsia + тиркемеси иштелип чыгып, анда эмгек миграциясы боюнча бардык мыйзамдар менен таанышууга болот.    

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.39
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют