ОКӨФ сүт сектору багытында иштеген фермерлерге тренинг өтөт

ОКӨФ сүт сектору багытында иштеген фермерлерге тренинг өтөт

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү» долбоору Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте Чүй облусунун Жайыл жана Ысык-Ата райондорунда жайгашкан сүт багытындагы иштеген фермердик чарбалар үчүн тренингдерди өтөт. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Тренинг сүт өндүрүшүнүн кластердик өнүгүүсү үчүн ОКӨФдүн насыялык продуктусун жайылтуунун алкагында жүргүзүлөт. Тренингдин жүрүшүндө фермерлер сүт тармагындагы дыйканчылыктын негизги аспектилери жөнүндө билим алышат, ошондой эле ОКӨФ тарабынан каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышат. Бул долбоор РФнын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Тренингге катышуу үчүн, 2021-жылдын 28-июлунда саат 18: 00гө чейин төмөнкү шилтеме аркылуу анкета толтуруп, жөнөтүш керек.

Суроолоруңуз болсо, office@rkdf.org почтасына жазыңыз, каттын темасын «Тренинг» деп атап жиберүү зарыл. 

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.39
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют