«Түндүкэлектр» 7 миң үй-бүлөнү электр энергияга карызы үчүн өчүрөт

«Түндүкэлектр» 7 миң үй-бүлөнү электр энергияга карызы үчүн өчүрөт

«Түндүкэлектр» ААК 29-июндан баштап Бишкектеги 6.8 миңден ашуун абоненттеринин электр энергиясын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3 млн сомго жеткен.

Компания https://se.kg сайтында абоненттердин балансын билүү бөлүмү бар экендигин эске салат. Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген «Түндүкэлектр» 1209 чалуу борборуна чалып же 0551 00 12 09 номерине WhatsApp аркылуу билдирүү жазып, билип алса болот.

Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.21
RUB 1.21
KZT 0.200

Конвертер валют