Кыргызстан кум шекерге, өсүмдүк майына КНСтин ставкаларын нөлгө түшүрдү

Кыргызстан кум шекерге, өсүмдүк майына КНСтин ставкаларын нөлгө түшүрдү

1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу бир катар товарларга КНСтин ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Мындай ставка төмөнкү товарларга карата колдонулат:

  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КРга импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512)
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген айыл-чарба жаныбарлары (жылкылар (код 0101), бодо мал (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105)

Токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.21
RUB 1.21
KZT 0.200

Конвертер валют