Мамлекеттик ипотекалык компания акцияларды чыгаруу аркылуу 15 млн сом тапты

Мамлекеттик ипотекалык компания акцияларды чыгаруу аркылуу 15 млн сом тапты

«Мамлекеттик ипотекалык компания» 8-чыгарылыштагы акцияларды жайгаштыруу аркылуу 14.8 млн сом тапты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалымат кызматы билдирди.

Акцияны жайгаштыруу баасы 100 миң сомду түздү. Бул келишим өткөн жумада (21-июндан 25-июнга чейин) соода-сатыктын жалпы көлөмүнүн эң чоңу болуп калды. Ал сооданын 55%ын алды.

Жалпысынан, өткөн аптада КФБ корпоративдик сектордогу 11 компаниянын баалуу кагаздары менен 26.9 млн сом суммасындагы 50 келишимди каттаган.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют