Салык кызматы 51 млн сомдук алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз соодадан алып салды

Салык кызматы 51 млн сомдук алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз соодадан алып салды

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жалпы 51 млн сом суммасындагы алкоголдук продукцияны тартып алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Мындан тышкары, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 10.5 млн сом суммасында акциздик маркасыз тамеки продукциясы тартып алынган.

Алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишкердик субъектке жүргүзүлгөн 189 текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, КРнын салык мыйзамдарын бузган 182 факт аныкталган. Натыйжада, 1.4 млн сом айып салынган, алардын ичинен бюджетке 1.3 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери 658 ишкер субъектке алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берилген. Мында, этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жыйымдар 20.5 млн сомду түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.20
RUB 1.21
KZT 0.200

Конвертер валют