Кылмыштуулук былтыркыдан 31%га көбөйдү – башкы прокуратура

Кылмыштуулук былтыркыдан 31%га көбөйдү – башкы прокуратура

КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын аймагында 17.5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-апрелине салыштырганда 31%га көп. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады.

Кылмыштардын жалпы санын алганда, анын 2 миңден ашыгы же 11%ы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 42%га, анын ичинде алдамчылык – 1.7 эсеге, уурдоо – 30%га, тоноо – 10%га өскөн.

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 60%га жакыны) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. Бирок өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кылмыштардын санынын эң көп өсүшү Ысык-Көл облусунда (2.6 эсеге), Ош шаарында жана Нарын облусунда (1.5 эсеге) байкалган.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.20
RUB 1.21
KZT 0.200

Конвертер валют