УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жакында жоюлат

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жакында жоюлат

Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келүү менен аны жоюу чечимине келгенбиз. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразычылыктары күчөөдө. Бул бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт. Ушундан улам каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алып, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келүү менен аны жоюу чечимине келгенбиз. Бул кадам бизнести колдооого чечкиндүү кадамдардын бири болду», – деп билдирди өлкө башчы.

Анын айтымында, Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөп жаткандыктан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу да фактылар жок эмес.

«Антикоррупциялык кызмат жоюлат – жарлык даярдалууда», – деди президент.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.91
EUR 99.26
RUB 1.23
KZT 0.200

Конвертер валют