Тамак-аш азыктарынын мамлекеттер аралык стандарттарын иштеп чыгуу программасы жаңыртылды – ЕЭК

Тамак-аш азыктарынын мамлекеттер аралык стандарттарын иштеп чыгуу программасы жаңыртылды – ЕЭК

ЕАЭБ мамлекеттер аралык азык-түлүк стандарттарын иштеп чыгуу программасынын жаңы редакциясын жактырды. Анда 58 жаңы мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу каралган, алардын 18и Кыргызстанга бекитилген. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.

21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы «Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин мамлекеттер аралык стандарттарын иштеп чыгуу программасынын жаңы редакциясын бекитти.

Программа 58 жаңы мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну карайт: алардын бири Беларуссияга, Кыргызстанга – 18, Казакстанга – 9, Россияга – 30 туура келет.

Бул мамлекеттер аралык стандарттар тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүн идентификациялоо үчүн даярдалат (нан азыктарын, кондитердик азыктар, эт, жашылча-жемиштер, чай азыктары ж.б).

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.79
EUR 100.54
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют