Быйыл кыш мезгилинде үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Быйыл кыш мезгилинде үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

«Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларынын абоненттери алдыдагы кышкы жылытуу мезгилинде электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салынгандыгы тууралуу билдирүү алышты.

Бул эскертүүдө жылытуу үчүн бардык электр жабдууларын колдонууга тыюу салынат деп жазылган.

Тыюу салуулар сакталбаган учурда абоненттерге «чектөөлөр менен электр энергиясын керектөөнүн жеке лимити» киргизилет деп эскертилет. Чектер кандай болот, азырынча маалымат бериле  элек.

Мындай тыюу салуу «Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин аздыгынан жана электр энергиясынын жетишсиздиги» менен байланыштуу. Жогоруда аталган ишканалар абоненттерди эртерээк «жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү булактарын табууну» суранышат.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.00
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют