Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо пропорционалдык система жакшыбы же аралашпы? Ар биринин оң жана терс жактары

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо пропорционалдык система жакшыбы же аралашпы? Ар биринин оң жана терс жактары

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу, 5 жылдык мөөнөткө шайланган 90 депутаттан турат. Бул тууралуу шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүү катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн «Жалпы иш» коомдук фонду эскертет.

ЖКнын депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. ЖК жана Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрүп, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өздөрүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтириш керек.

ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ шайлоо системасынын эки вариантын иштеп чыгып, сунуштады:

  • пропорционалдык система боюнча, саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин ачык тизмелери менен, анда шайлоочуга саясий партиянын тизмесинен конкреттүү талапкерди дагы шайлоо укугу берилет
  • аралаш (жарыш) система боюнча, ага ылайык 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат, 55 депутат пропорционалдык тутум боюнча (саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин жабык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланат.

Ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду даярдоону жана өткөрүүнү көз карандысыз көзөмөлдөөчү «Жалпы иш» коомдук фонду талкуулоо үчүн сунуш кылынган шайлоо тутумдарын карап чыгып, ар бир сунушталган системанын өзүнүн артыкчылыктары бар, бирок алардын ар биринин ишке ашырылышы терс таасирлерге жана эки ача натыйжаларга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Ачык тизмелер менен пропорционалдык система

Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ сунуштаган вариантта бүтүндөй өлкө бирдиктүү округ болгон ЖКнын депутаттарын шайлоону өткөрүү системасы каралган. Муну менен бирге, добуш берүү күнү шайлоочу саясий партияны да, саясий партиянын тизмесиндеги бир талапкерди да тандап алууга укуктуу. Ошентип, эң көп шайлоочу добуш берген талапкерлер мандат алышат.

Коомдук фонд, эгерде мындай тутум тандалса, шайлоонун жыйынтыгы боюнча чакан райондорго салыштырмалуу шайлоочулардын саны көп райондордон талапкерлердин өкүлчүлүгү көбүрөөк болгон ЖК түзүлүп калуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейт.

 Мисалы, «Тизме» порталынын 2021-жылдын апрелиндеги маалыматы боюнча Кара-Суу районундагы шайлоочулардын саны 246 795 адамды түзсө, жалпы Талас облусундагы шайлоочулардын саны 159 532 шайлоочуну түзгөн, же, мисалы, Чүй облусундагы шайлоочулардын саны 596 832 адамды, ал эми Нарын облусунун 204 218 адамды түзгөн. Ар кайсы региондордогу шайлоочулардын санынын мындай айырмачылыгында парламентте чакан райондордон, облустардан өкүлдөрү болбой калуу коркунучу ар дайым бар.

Коомдук фонд ошондой эле сунушталып жаткан моделде аялдар үчүн резервдик орундардын болгонуна карабастан, ачык тизмелер менен пропорционалдык тутум иш жүзүндө жаштардын, этностук азчылыктардын жана ДМЧАнын кызыкчылыктарын эске албай жаткандыгын белгилейт. Аталган коркунуч ушул категорияларды талапкерлердин тизмесине киргизүү талабына карабастан, ачык тизме тутуму боюнча шайлоочу түздөн-түз талапкерди тандайт жана эреже боюнча жаштардын, этностук азчылыктардын жана ДМЧАнын пайдасына шайлоо жүргүзүлбөйт.

Аталган системаны тандоодо калк туш боло турган көйгөйлөрдүн бири ушул тутумду ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү үчүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга бир топ убакыт керектиги болуп саналат, анткени, добуштарды ар бир партия боюнча дагы, партиянын тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча дагы эсептеп чыгуу зарылчылыгына байланыштуу добуштарды эсептөө жол-жобосу татаалыраак болот.

Мындан тышкары, шайлоо комиссиялары үчүн гана эмес, жалпы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн окуу өткөрүү керек, өзгөчө, добуш берүү жол-жоболорун так жана ачык түшүнүү максатында шайлоочулар менен кеңири масштабдуу иш алып баруу керек.

Аралаш (жарыш) система

Коомдук фонд шайлоону мажоритардык жана пропорционалдык система боюнча саясий партиялардын талапкерлеринин жабык тизмелери менен сунушталган аралаш система боюнча өткөрүлгөндө бир катар кыйынчылыктар болушу мүмкүн экендигин белгилейт.

Бир мандаттуу округдардын чектерин аныктоо жана бекитүү этабында баштапкы кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн, анткени айрым административдик-аймактык бирдиктердин калкынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу жана бир мандаттуу округдардын бекитилген чектерине нааразычылыгын билдирүү үчүн шарттарды түзүү көйгөйлөрү келип чыгышы мүмкүн.

Мындан тышкары, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо учурунда талапкерлер менен алардын тарапташтарынын ортосунда жергиликтүү чыр-чатактар, соттук талаш-тартыштар болуп, натыйжада, ЖКнын жаңы курамын түзүүнүн узак мөөнөтүнө алып келиши мүмкүн болгон шайлоону мажоритардык тутум боюнча өткөрүү тажрыйбасын эске алуу зарыл.

Ошондой эле, саясий партиялардын талапкерлеринин жабык тизмелери болгон учурда талапкерлерди көрсөтүү этаптарында жана шайлоо күнүнөн кийин саясий партиядан талапкерлердин тизмесинин сапаттуу курамына мүмкүн болуучу ички партиялык коррупциянын таасири, партиянын лидеринин жеке артыкчылыктарына жана талапкерлердин каржылык абалына жараша сакталып калууда.

Шайлоону аралаш система боюнча өткөрүү иш жүзүндө айкалышкан шайлоону өткөрүүнү билдирет, анда шайлоо участокторун жетиштүү көлөмдө АЭУ (Автоматтык эсептөөчү урна) жабдуулары менен жабдуу керек болот, бул бир мандаттуу округдагы талапкерлер боюнча да, саясий партиялардын тизмелери боюнча да өзүнчө добуш берүү жол-жобосун, ошондой эле АЭУлар бузулуп, андан ары колдонууга мүмкүн болбогон учурда, аларды алмаштыруунун мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. Мындан тышкары, ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларына административдик жүк бир кыйла жогорулашы мүмкүн, бул акыр аягында алардын шайлоолорду өткөрүү сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жыйынтыгында

Сунуш кылынган шайлоо тутумдарын талдоонун негизинде «Жалпы иш» КФ жалпысынан, сунушталган шайлоо тутумдарынын түрлөрүндө финансылык статусу жетишсиз болгон талапкерлер үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгү камсыз кылынбайт деп белгилейт. Мында, эки тутумда тең шайлоочуларды сатып алуу жана башка кыянаттык менен пайдалануу жогору бойдон калууда. Натыйжада, мунун бардыгы ЖКнын «олигархиялык» курамын түзүүгө алып келиши мүмкүн.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, «Жалпы иш» коомдук фонду өзүнчө сунушталган шайлоо тутумун бөлүп карабайт, муну менен бирге, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо моделин тандоо жөнүндө чечим өлкөнүн бардык региондорундагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары (шайлоочулар, саясий партиялар, жарандык коом жана башкалар) менен кеңири коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынышы керек деп белгилейт.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тар мөөнөттөр ичинде божомолдонгонун эске алуу менен, кеңири коомдук талкуу белгилүү шайлоо моделин тандоо тууралуу чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет, ошондо ал элдин ишенимин арттырып, кызыкчылыктарын чагылдырат жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын шайлоо укуктары сакталат, ошондой эле ЖКнын депутаттарын шайлоонун ишенимдүүлүгүн, ачыктыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, анын легитимдүүлүгүн камсыз кылат.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.50
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют