Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытайдан товарларды алып келүү тездейт –  Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытай кыргыз бийлигине кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүнүн эпидемиологиялык көзөмөлдү эске алуу менен, тездетилген механизмин кабыл алууну сунуштады.

Бул механизм 18-июнда эки мамлекеттин эксперттери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан талкууланганын КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүктөрдү текшерүүнүн жаңы механизми жүктөрдү жана жүк ташуучу унааларды «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пунктары аркылуу тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Бирок Экономика министрлиги азырынча бул механизм жөнүндө конкреттүү маалымат бере элек.

Кыргыз тарап Кытай бийлигинин сунушун сын-пикирлерди эске алуу менен колдоп, аны ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизгенин Экономика министрлиги билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют