Ала-Бука районунда логистикалык борбордун курулушу башталды

Ала-Бука районунда логистикалык борбордун курулушу башталды

Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордо айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо, ошондой эле жүн менен терини кайра иштетүү боюнча иштер жүрөт. Ошондой эле ал жерде эки миңдей жумушчу орун түзүлөрү болжолдонуп жатат. Ушу тапта тийиштүү коммуникация тартылууда жана курулуштун биринчи этабы сентябрь айында соңуна чыкмакчы. Бул тууралуу sputnik.kg маалымдады.

«Бай-Талаа» деп атала турган борбор Баястан айылында жайгашкан. Долбоор Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун кызматташуу боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында ишке ашмакчы жана болжол менен 20 гектар жерди ээлейт.

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

ИИМдин Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр бензинди 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга тендер жарыялады 15 октября 2021 г.    17:01
Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду 15 октября 2021 г.    16:09
Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм 15 октября 2021 г.    14:40
«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров 15 октября 2021 г.    14:27
Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана линияга чыгууда 15 октября 2021 г.    13:36
Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар 15 октября 2021 г.    11:40
Корея КРда жаңы технологиялар менен жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кызыкдар 15 октября 2021 г.    11:04
«Түндүк электр» ААК энергия жабдууларын оңдоого 85 млн сом сарптады 15 октября 2021 г.    10:39
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.00
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют