Кечээ, 17-июнда Кыргызстан 40 миң адамды эмдөө үчүн 80 миң дозада Россиянын «Гам-КОВИД-Вац» (Спутник V) вакцинасынын экинчи партиясын алды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
25 миң доза вакцина Бишкектеги эмдөө борборлоруна таратылат, калгандары жакынкы мезгилде өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт.
Жалпы вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен жалпы суммасы 70 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. «Гам-КОВИД-Вац» вакцинасы (Sputnik V) 65 жаштан өткөн адамдарга жана өнөкөт оорулары барларга берилет.