Пандемияга байланыштуу узакка созулган тыныгуудан кийин Мешхед – Бишкек – Мешхед биринчи рейсин «Манас» эл аралык аэропорту тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясы бул аба каттамын айына бир жолу жүргүзүүнү пландаштырууда. Учуунун узактыгы 2.5 саат.
«Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга боло тургандыгын бул жерден көрсөңүз болот жана июнь айына карата башка шаарларга авиабилеттердин баасын да караңыз.