Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү Фондун (КӨӨФ) түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырышты.
Бул келишимге 2021-жылы 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган. Келишимдин негизинде КӨӨФ эл аралык укук жөндөмүнө ээ болот жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.
Өзбек тараптын фонддун уставдык капиталына салымы 50 млн долларды түзөт жана аны келечекте 200 млн долларга чейин көбөйтүү каралат.
КӨӨФ Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актай ала турган төмөндөгү долбоорлорду каржылайт:
- агроөнөр жай комплекси
- тигүү жана текстиль өнөр жайы
- өндүрүш тармагы
- тоо-кен жана металлургия өнөр жайы
- транспорт
- турак жай курулушу
- соода
- энергетикалык комплекс
- инфраструктураны өнүктүрүү
- туризм