Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 17-июнда коммерциялык эмес уюмдарды өз каржылары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.
«Мыйзам долбооруна ылайык, акысыз негизде берилген каражаттардын эсебинен иштеген коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын финансылык ресурстардын пайда болуу булактары жана аларды кантип сарптагандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү», – деп маалымдайт Kaktus.media.
Долбоордо коммерциялык эмес уюмдардын кирешесинин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле анын мүлкү коммерциялык сыр боло албай турган эреже каралган.
Долбоордун демилгечилери – Бакытбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана Аида Исмаилова.