Мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды

Мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды

Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынын айынан чет элдиктерди Россия Федерациясынан чыгарууга мораторийди узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду, бул айрыкча эмгек мигранттарына тиешелүү.

Пандемия учурунда Россияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктаган чет элдик жарандар 30-сентябрга чейин чыгарылбайт. Ал убакка чейин алар укуктук статусун жөнгө салуу жөнүндө арыз менен полицияга кайрыла алышаарын же Россиядан эркин чыгып кете алышаарын Meduza басылмасы маалымдады.

Эскерте кетсек, аталган жарлык укук бузган же түрмөдөн чыккан чет өлкөлүктөргө тиешеси жок.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.19
RUB 1.23
KZT 0.200

Конвертер валют