Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызы 0.1%га кыскарды

Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызы 0.1%га кыскарды

2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 4 млрд 933 млн долларды (418 млрд 323 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

2020-жылдын 31-декабрына карата 4 млрд 928 млн доллар болсо, жыл башына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 5 млн долларга же 0.1% га азайган.

Экономика министрлигинин берген маалыматына ылайык, карыздын эң чоң үлүшүн өлкөнүн 4 млрд 183 млн долларлык тышкы карызы түзөт, ал  жалпы мамлекеттик карыздын 84.8%ын камтыйт. Мамлекеттин ички карызы – 750 млн доллар (15.2%).

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.20
RUB 1.21
KZT 0.200

Конвертер валют