Кыргызстандын бюджетине тыштан келген жардамдар. Өлкөнүн ири донорлору кимдер?

Кыргызстандын бюджетине тыштан келген жардамдар. Өлкөнүн ири донорлору кимдер?

1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын бюджетин жана төлөм баланстарын колдоо үчүн чет өлкөдөн жардам катары жалпысынан 3.12 млрд доллар келген же жалпы сырттан келген жардамдын 27.1%ы тартылган.

 «КРга берилген тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери кенен талдоо жүргүзүп, анда Кыргызстанга тыштан канча жардам келгенин жана ал канчалык натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына сереп салышкан. Чет өлкөдөн келген бардык тышкы жардамдар тууралуу жалпы маалыматты камтыган обзордун биринчи бөлүгүн мурдараак чагылдырганбыз.

Бул жолу бюджетке колдоо көрсөтүү максатында келген тышкы жардамдар маселесин иликтейбиз.

Бюджетти колдоонун өзгөчөлүктөрү

Бюджетти колдоого жана төлөм баланстары үчүн келген тышкы жардамдар төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ:

  • Биринчиден, транспорт жана энергетика жаатына көрсөтүлгөн каржылык жардамдан айырмаланып, бюджетти колдоого келген каражаттардын көбү грант түрүндө келген. Бюджетке жана төлөм балансына жардам көрсөтүүдө – гранттык ресурстардын үлүшү 35.8%ды түзгөн. Башкача айтканда, келечекте Кыргызстан бюджетти колдоого алган тышкы жардамдын 64.2%ын гана кайтарып берет.

  • Экинчиден, берилген жардам – каржылык жардам алуучу өлкөнүн келечекте туруктуу өсүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган экономика саясатынын белгилүү бир программасын кабыл алуусун жана аны жүзөгө ашыруусун карайт. Атап айтканда, Эл аралык Валюта Фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган экономикалык программалар – баалардын деңгээлин турукташтырууга, бюджеттин чыгашаларын оптималдаштырууга жана анын киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган. Азия Өнүктүрүү Банкынын, Дүйнөлүк Банктын жана башка кээ бир донорлордун каржылык колдоо программалары белгилүү бир чөйрөлөрдө – мисалы, мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, инвестициялык абалды жана бюджеттик процессти жакшыртуу, шайлоо реформалары, социалдык коргоо, мектептеги билим берүү ж.б. тармактарында ири рефомаларды жүргүзүүнү көздөйт.

  • Жогоруда айтылган программалар жана реформалар зарыл болгон чыгымдарды жетиштүү түрдө каржылоону камсыздайт. Мисалы, мектептеги билим берүү системасындагы реформалар орто мектептер үчүн кошумча компьютердик жабдууларды, социалдык коргоо системасында болсо жаңы мектеп-интернаттарды курууну камтышы мүмкүн. Мындан тышкары, «бюджетти колдоо» деген жалпы аталышына карабастан, бул тышкы жардам бир топ мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын, товарларды жана дары-дармектерди сатып алуу, имараттарды куруу (мектептер, ооруканалар, жолдор жана көпүрөлөр) сыяктуу конкреттүү чыгымдарды да камтыйт. Ошентип, бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн келген тышкы жардам көбүрөөк тармактар ​​аралык мүнөзгө ээ, анткени каражаттар белгилүү бир сектордогу (билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, укук тартиби, айлана-чөйрө, айыл чарба ж.б.) чыгымдарды төлөөгө кетет.

  • Мындан тышкары, 1990-2000-жылдардын башында Эл аралык валюта Фондунан (ЭВФ) алынган насыялардын бир бөлүгү «төлөм балансын колдоого» багытталган. Бирок иш жүзүндө бул каражаттар Улуттук Банктын эл аралык валюта резервдерин толуктоого жана колдоого кеткен. Ушул валюта ресурстарынын эсебинен, өлкө тышкы дүйнө менен эсептешүүлөрдү жүргүзөт, анын ичинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту, тышкы карызды тейлөө да бар, анткени бул операциялар чет өлкө валютасында жүргүзүлөт. Чет элдик резервдердин жоктугу – импорттоо мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Азык-түлүк, дары-дармек, нефть продуктулары, газ жана башкалар сыяктуу негизги жана керектүү товарлардын жетишсиздиги – калктын, айрыкча анын аярлуу топторунун абалына терс таасирин тийгизет ( кедей, кары-картаңдар, жумушсуздар). 2009-жылдан бери Кыргызстан ЭВФтен төлөм балансын колдоо үчүн каражаттарды тарта элек.

  • Бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн келген тышкы жардамдын дагы бир өзгөчөлүгү – ал айрым учурларда бюджеттик саясаттын чегинде экономикалык реформа программаларын ишке ашыруу, мамлекетке тышкы карызын реструктуризациялоого мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, ЭВФтин каржылык жардамы менен экономикалык саясат программаларын ийгиликтүү жүзөгө ашырууга, тагыраак айтканда, Кыргызстанга Париж клубуна болгон эки тараптуу тышкы карызын эки жолу (2002-ж. жана 2005-ж.) түзүмдөштүрүүгө мүмкүндүк берди. Албетте, реструктуризация зарыл болгондо гана – карыз болгон мамлекеттин карызынын туруктуулугунун жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу жана объективдүү тобокелдиктери болгондо гана жүргүзүлөт.

Кыргызстандын ири донорлору

1992-2020-жылдары бюджетти колдоого келген донордук жана финансылык жардамдар

Диаграммадан көрүнүп тургандай, Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам көрсөткөн эң ири донор болуп Россия саналат. 1992-2020-жылдары Россия 911.5 млн доллар бөлгөн. Ошондой эле Россия жалпысынан гранттык негизде 531 млн доллар бөлгөн же бюджетти колдоого тыштан келген жалпы гранттардын 47.7%ын берген.

ЭВФ бюджетти колдоого каржылык жардам көрсөткөн экинчи ири донор болуп саналат. 1992-2020-жылдар аралыгында аталган уюм тарабынан 735.9 млн доллар бөлүнгөн. Бирок Эл аралык Валюта Фонду гранттык негизде каржылык жардам көрсөтпөйт жана анын насыялары, эреже катары, 10 жылга чейин төмөн пайыздык чен менен берилет.

Азия Өнүктүрүү Банкы жана Дүйнөлүк Банк бюджеттик колдоо үчүн салттуу донорлордун катарына кирет. 1992-2020-жылдар аралыгында алардын берген жардамынын көлөмү – 506 млн жана 554 млн долларды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.40
RUB 1.22
KZT 0.210

Конвертер валют