Баткендиктерге жардам көрсөтүү максатында, согуштук аракеттер мыйзамда эми камсыздандыруу окуясына кошулат

Баткендиктерге жардам көрсөтүү максатында, согуштук аракеттер мыйзамда эми камсыздандыруу окуясына кошулат

Баткен облусундагы согуштук аракеттердин кесепетинен жарандардын кыймылсыз мүлктөрү кыйроолорго учурады. Келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 8-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, ал парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, согуштук аракеттердин окуялары жана алардын кесепеттери камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт болчу.

Бирок Баткен облусундагы согуштук аракеттердин кесепетинен  жарандардын кыймылсыз мүлктөрү кыйроолорго учурады. Ушундан улам кыйроого учураган турак-жайларды калыбына келтирүү максатында, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыккан.

Анткени ушул жабыр тарткан жарандар материалдык жактан аярлуу болуп саналат, ошондой эле алар башка мүлктөрүн жана материалдык баалуулуктарын да жоготушкан. Андыктан чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүш үчүн согуштук аракеттерди камсыздандыруу окуясына кошуу керектигин мыйзамдын демилгечилери баса белгилөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

Тинькофф Банк IT-командасынын өкүлү Бишкекте семинар өткөрдү 20 октября 2021 г.    10:29
Эл Баткенге жардамга берген акча кайда жумшалды? – отчет 19 октября 2021 г.    18:20
«Электр станциялары» ААКга 650 млн сом бюджеттик кредит берилет 19 октября 2021 г.    17:42
Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге азайган 19 октября 2021 г.    16:40
Бюджеттен 480 млн сом бергиле, врачтарга беребиз – Саламаттыкты сактоо министри 19 октября 2021 г.    15:30
Кыргызстан чет өлкөлүк кредиттерди өздөштүрө албагандыгы үчүн 95 млн сом төлөдү 19 октября 2021 г.    14:41
Дастан Бекешев: Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну кайрадан талап кылууда 19 октября 2021 г.    10:55
Президенттин Администрациясынын жооптуу катчысы кармалды – УКМК 19 октября 2021 г.    10:26
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.42
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют