Кыргызстан туристтердин кирүү алгоритмин бекитти

Кыргызстан туристтердин кирүү алгоритмин бекитти

Кыргызстан туристтердин өлкөгө кирүү алгоритмин бекитти. Бул тууралуу туризм департаментинин маалымат кызматы билдирет.

Алгоритмдерге ылайык, өлкөгө келген туристтин жанында төмөнкүлөр болуш керек:

  • ПЦР-тесттин терс натыйжалары, анын жыйынтыгы анализ алынгандан тартып, 72 саатка жарактуу
  • же COVID-19га каршы вакцинанын алынгандыгын тастыктаган документ (кагаз же санарип форматында)

Беш жаштан ашкан балдардын коопсуздугу үчүн, ата-энелери жогоруда көрсөтүлгөн медициналык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү экендигин ведомстводон билдиришти.

«Эмдөөдөн өткөн жарандар (ПЦР тести жок) аба жолу менен 2021-жылдын 19-июнунан баштап, жер үстүнөн 2021-жылдын 12-июнунан тартып келе алышат», – деп билдирди туризм департаменти.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.76
EUR 101.31
RUB 1.17
KZT 0.200

Конвертер валют