Кыргызстан кум шекерди, өсүмдүк майын жана айыл чарба жаныбарларын импорттоодо КНС (кошумчаланган нарк салыгы) ставкасын убактылуу нөлгө түшүрүүнү көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жарыяланды.
2021-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин КНСтин нөлдүк ставкасын белгилөө сунушталууда.
Долбоордун демилгечилеринин айтымында, мындай чара азык-түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу жана КРга шекер, өсүмдүк майы жана мал чарбасын импорттогон ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн зарыл.