Мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууга Экономика министрлигине грузиялык консультанттар көмөктөшөт

Мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууга Экономика министрлигине грузиялык консультанттар көмөктөшөт

Дүйнөлүк Банктын «Мамлекеттик финансы менеджментинин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында, бюджеттик бөлүмдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү максатында, Экономика министрлиги Грузиядан консультанттарды жалдады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Грузиядан эксперттерди тартуу «Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун аркасында мүмкүн болду. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын гранттык салымдары менен көп тараптуу донордук ишеним фондунун алкагында ишке ашырылууда. Бул донордук фонд Дүйнөлүк Банк тарабынан башкарылат.

Аталган долбоордун алкагында Экономика министрлиги Грузиядан Policy and Management Consulting Group-PMCG консалтинг компаниясын жалдады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, грузиялык консультанттар менен иштөөнүн алкагында, 26-27-май күндөрү тармактык кураторлор үчүн программалык негизде, бюджетти түзүү боюнча жаңыланган усулдук материалдарды колдонуу жөнүндө тренинг өткөрүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

ИИМдин Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр бензинди 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга тендер жарыялады 15 октября 2021 г.    17:01
Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду 15 октября 2021 г.    16:09
Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм 15 октября 2021 г.    14:40
«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров 15 октября 2021 г.    14:27
Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана линияга чыгууда 15 октября 2021 г.    13:36
Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар 15 октября 2021 г.    11:40
Корея КРда жаңы технологиялар менен жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кызыкдар 15 октября 2021 г.    11:04
«Түндүк электр» ААК энергия жабдууларын оңдоого 85 млн сом сарптады 15 октября 2021 г.    10:39
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 99.00
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют