Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча оңдоолор киргизилген долбоор парламентте каралат

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча оңдоолор киргизилген долбоор парламентте каралат

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча түзөтүүлөр киргизилген долбоор жакында ЖКнын кароосуна коюлат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын Аппараты белгилегендей, жаңы Конституцияда парламентти түзүүнүн башка жол-жобосу каралган, ага ылайык, шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат, анын негизинде ЖКнын депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан (ал эми эски Конституция боюнча 120 депутат) турат. 

Депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, ЖК саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан «КРнын Президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Аталган долбоор коомдук талкуу жол-жобосунан өтүүсү үчүн  2021-жылдын 29-майында Президенттин сайтына жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча ЖКнын депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Ош шаарында таза суу көйгөйү курч турат – АӨБ берген 3 млн долларды бийлик бербей келет 18 мая 2022 г.    18:14
1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт – карталар тууралуу маалымат 18 мая 2022 г.    17:35
Тенгиз Бөлтүрүк 2022-жылы Кумтөрдөн 17.5 тонна алтын өндүрүүнү пландап жатканын айтты 18 мая 2022 г.    16:22
Кыргызстан россиялыктар жайында эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди 18 мая 2022 г.    16:00
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» – Салык кызматы 250 миңден ашык лотерея билеттерин берди 18 мая 2022 г.    15:27
Улуттук банк: Европадан жөнөтүлгөн акчаларды КРда жарандар евро же доллар менен ала алат – комбанктарга эскертүү берилди 18 мая 2022 г.    13:56
«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 6.5 млрд сом төктү 18 мая 2022 г.    13:23
Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды 18 мая 2022 г.    12:34
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 82.00
EUR 86.44
RUB 1.15
Моссовет
USD 84.03
EUR 88.08
RUB 1.18

Конвертер валют