Ким? Канча? Качан? – 1992-жылдан 2020-жылга чейинки Кыргызстанга тыштан келген жардамдар тууралуу кенен талдоо

Ким? Канча? Качан? – 1992-жылдан 2020-жылга чейинки Кыргызстанга тыштан келген жардамдар тууралуу кенен талдоо

«Чет өлкөдөн канча жардам келип жатат?», «Алар канчалык натыйжалуу сарпталууда?» деген суроо парламенттин бийик трибуналарынан тартып, алыскы райондогу кошуналардын маектери менен аяктап,  Кыргызстандын калкынын калың катмарынын баш темасы болуп келет. Бул серепте акыркы үч он жылдыкта, 1992-жылдан тартып 2020-жылга чейин же саясий сөз менен айтканда «эгемендүүлүктү алгандан бери» Кыргызстанга «тыштан келген жардамдарга» кенен финансылык талдоо жүргүзүлөт.

Мамлекеттен – мамлекетке

Теманын өзүн талдап баштоодон мурда, айрым бир эскертүүлөр менен чектөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар. Биринчиден, «тыштан келген жардам» деген аябай эле кенен маанидеги түшүнүктү берет жана өзүнө түздөн-түз акчалай ресурстар жана капитал (мисалы, жабдуулар же объектилердин курулушу), товарлар, дары-дармектер жана азык-түлүк (гуманитардык жардам), аскер техникасы (аскердик-техникалык кызматташуу), ошондой эле билим жана технология (анын ичинде жергиликтүү жарандарды окутуу) сыяктуу формаларды камтыйт.

Тыштан келген жардам бүтүндөй өлкө үчүн же жалпы элге (мисалы, «Кыргыз Республикасынын элине» же «Кыргыз Республикасына») арналганына карабастан, ал кайсы бир институттар, мисалы, өкмөт аркылуу («мамлекет»), мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу («жарандык сектор») «ишке ашат» же аларга иштетүүгө берилет.  

Бул обзор  тыштан келген «расмий» жардамдарды, тагыраак айтканда, өкмөт жана мамлекеттик органдар иш жүзүнө ашырган, чет өлкөлөрдөн жана эл аралык институттардан келген финансылык жана башка ресурс түрүндө берилген жардамдарды кароо менен чектелет.

Башкача айтканда, обзор «мамлекеттен-мамлекетке» деген формула боюнча тыштан келген жардамдарды талдайт. Андан тышкары, мында гуманитардык жардамдар менен аскердик-техникалык кызматташуу багытындагы колдоолор камтылбайт. Болжолдонгондой, гумжардам менен аскердик-техникалык колдоонун өлчөмү мамлекеттик бюджет жана мамлекеттик институттар аркылуу ишке ашкан каржылык жана техникалык жардамга салыштырганда азыраак.  

Жалпы тыштан келген жардам

1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан жалпысынан 11.48 млрд долларлык финансылык жардам келишимине кол койгон. Финансылык жардамдын эки негизги инструменти бар – алар гранттар жана кредиттер.

Кыргызстанга келген тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 30 %ы же 3,43 млрд доллары гранттык каражаттар, ал эми 70%ы же 8,04 млрд доллары кредиттик ресурстар.

Чакан түшүндүрмө: бардык эле алынган карыздар жана кредиттер финансылык жардам деп эсептелбейт. Эрежеге ылайык, эгерде акча каражаты кайсы бир тармакты өнүктүрүүнү каржылоого багытталса жана жагымдуу финансылык шартта алынган болсо – анда бул насыя «тыштан келген жардам» болуп саналат. КРга келген кредиттердин дээрлик бардыгы жагымдуу шартта алынганын эске алсак, анда бул кредиттик портфелдерди «тышкы жардам» деген категорияга киргизүүгө болот. 

Тышкы каржылык жардам 31 донордон – 19 өкмөттөн же чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан, ал эми 12си эл аралык каржы уюмдарынан тартылган.

2020-жылдын аягына карата Кыргызстандын ири донорлору болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Кытайдын өкмөтү жана Эксимбанк – 2.21 млрд  доллар (1992-2020-ж.ж.аралыгындагы жалпы жардамдын 19%ын түзөт) берген
  • Бүткүл Дүйнөлүк Банк – 2.12 млрд доллар (жалпы тышкы жардамдын 18%ын түзөт)
  • Азия Өнүктүрүү Банкы – 2.11 млрд доллар (жалпы сумманын 18%ы)
  • Россия – 1.11 млрд доллар (10%) берген

Жогоруда аты аталган төрт ири донорго тыштан тартылган финансылык жардамдардын дээрлик 66%ы туура келет. 

Дагы олуттуу ресурстар Эл аралык валюта фондунан – 735.87 млн доллар (6%) жана Япония бийлигинен – 498.84 млн доллар тартылган.

Башка донорлордун жана башка көрсөтүлгөн жардамдардын контексттери тууралуу төмөндөгү иликтөөдө:

Тыштан келген жардамдарды донорлорго жана каржылык инструменттерге бөлүштүрүү

Тышкы жардам жана экономиканын масштабы

Эгерде сырттан келген жардам менен экономиканын масштабын салыштыра турган болсок, 1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан орто эсеп менен жалпы ички дүң продукциянын 11%ынын өлчүмүндөгү тышкы жардамдарды алуу жөнүндө келишимдерди түзгөн. Анын ичинде гранттар – ИДПнын 2.4%ын түзгөн жана насыялар — 8.6%.  

Албетте, бул орточо көрсөткүчтөр, кээ бир жылдары бул көбүрөөк болсо, кийинки жылдары азыраак тартылган.

Мындан тышкары, белгилей кетчү нерсе, бул жерде түшкөн каражаттар тууралуу эмес, макулдашылган келишимдердеги суммалар тууралуу сөз болуп жатат. Эреже боюнча, финансылык жардам жөнүндө каралган келишимдерге ылайык, каражаттар бир убакта эмес, белгилүү бир мезгил аралыгында (мисалы, жолдун, мектептин же башка бир объектин курулушу бүткүчө же сатып алууларга, жеткирүүлөргө, жабдыктарды орнотууга кеткен убакыт ичинде) түшөт.

1992-2020-ж.ж. аралыгындагы тышкы жардамдарды алуу боюнча макулдашылган келишимдер

Тыштан келген жардамдарды бөлүштүрүү  (1992-2000; 2001-2010; 2011-2020) бул декадаларда көрсөткөндөй, эң чоң финансылык жардамдын суммасы 2011-жылдан 2020-жылдар аралыгындагы макулдашууларга туура келет. Анда жалпы жардамдын 63%ы ($7.19 млрд доллар) 2011-2020-ж.ж. келген. Анын ичинде тартылган финансылык каражаттын 33%ы  гранттык негизде келген акча болгон.  

2001-2010-ж.ж. жалпы тартылган карыздын үлүшү 19%ды түзгөн. Анын ичинде келген каражаттын 40%ы гранттык негизде келген. 1992-2000-ж.ж. КРга келген жардамдардын 92%ы кредиттик формада берилген. Жалпысынан, 1992-2000-ж.ж. аралыгында алынган каржаттар жалпы келген жардамдын 18%ын (2.1 млрд доллар) түзгөн.

Тыштан тартылган жардамдарды мезгилдерге бөлүштүрүү

(АКШ млн доллары менен жана %дар)

Өз кезегинде, тышкы жардамдардын линиясы аркылуу келген финансылык каражаттардын чыныгы көлөмү орточо эсеп менен ИДПнун 7.5 %ын (2009-жылы 2.5% минимумду, 1999-жылы 17% максимумду) түзгөн.

Жалпысынан, макулдашылган келишимдердин ($11.48 млрд) негизинде келген кредиттердин жана гранттардын 8.38 млрд доллары өздөштүрүлгөн деп айтууга болот (мамлекеттин бюджеттик ресурстук бөлүмүнүн маалыматтары боюнча).

Жогоруда белгиленгендей, сырткы жардамдардын «чүчү кулагы» адатта дароо эмес, бир нече жылдап созулат. Жардамга келген каражаттардын «келишим түзүлгөн»/ «тартылган»/ «берилген» / «колго тийген» суммасынын ортосундагы айырмачылыктын себеби дагы ушул.

Өздөштүрүлгөн каражаттын көрсөтүлгөн суммасынын 2.41 млрд долларын гранттык ресурстар жана 5.96 млрд долларын жеңилдетилген насыялар түзөт.

1993-2020-ж.ж. аралыгында тышкы жардамдын түшкөнү/өздөштүрүлгөнү

Гранттар жана кредиттер

Эгерде Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдарды секторлорго бөлүштүрүү менен карай турган болсок, анда жардамдын негизги үч концентрациясын байкоого болот – «Бюджет жана Төлөмдүк баланс», «Транспорт», тагыраак айтканда – жолдор жана «энергетика». Бул 3 сектордун үлүшү 1992-жылдан 2020-жылга чейин алынган жалпы расмий жардамдардын 70.1 %ын түзөт.

Ошол эле убакта ар бир сектордун каржылануу планынын куралдары бири-биринен кескин айырмаланат, кайсы бир секторго грант көп берилсе, башка сектор тышкы жардамдын эсебинен каржыланат.

Мисалы, 1992-2020-ж.ж. аралыгында төлөмдүк балансты жана бюджетти колдоого 3.12 млрд доллар же тышкы жардамдардын жалпы эсебинин 27.1%ы тартылган. Эн чоң жардам алуу боюнча транспорт жана жолдор экинчи орунда турат – 2.68 млрд доллар же болбосо жалпы сумманын 23.4%ын түзөт.

Эгерде бюджетти колдоого жана төлөмдүк баланстарга бөлүнгөн гранттык ресурстар 35.8%ды түзсө, жол куруу секторуна болсо гранттык жардам түрүндө бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 15.1%ды түзгөн. 

Дагы бир мисал – билим берүү сектору. Жалпысынан бул секторго 302.4 млн доллар тартылган, анын ичинен 183.1 млн доллар – жалпы сумманын 60.5%ы гранттык ресурстар. Тагыраак айтканда, билим берүү жаатына тыштан келген жардамдардын олуттуу бөлүгү – гранттар болгон.

Ушундай эле кырдаалды саламаттыкты сактоо тармагынан да байкоого болот: аталган секторго тыштан келген жардамдын чоң бөлүгү 57.7%ы гранттык негизде, 42.3%ы тышкы насыя түрүндө берилген.   

Тышкы жардамдын мындай сектордук концентрациясын кантип түшүндүрүүгө болот? Бардык тармактардын ичинен негизинен бюджетке, жолдор жана энергетикага тышкы каржылык жардамдын эң көп берилип жаткандыгынын себептери болуп, КРнын конкреттүү социалдык-экономикалык жана табигый-географиялык шарттары саналат.

Биринчиден, Кыргызстан – деңизге түз чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, Евразия материгинин так ортосунда жайгашкан тоолуу өлкө. Ошондуктан КРнын транспорт жана жол маселеси жол секторуна, көбүрөөк автожолдорго маанилүү инвестицияларды тартууну талап кылып турат.

Өз кезегинде, аймактын тоолуу ландшафты жана жылдын ар кайсы мезгилдеринде температуранын кескин өзгөрүүлөрү менен мүнөздөлгөн катаал континенттик климаты дагы – өз учурунда көлөмдүү каражат талап кылган КРнын жолдорун сапаттуу куруу наркын талап кылат.

Мындан сырткары, транспорттук инфраструктура башка өлкөлөрдөгүдөй эле сооданын, туризмдин жана жалпы экономиканын өнүгүүсүн камсыздаган тармак болуп эсептелет. 

1992-2020-ж.ж. аралыгындагы келген расмий тышкы жардамдарды секторлорго бөлүштүрүү

Энергетика

Кыргызстан жыл сайын энергетика секторунда дефицитке учурап келет жана бул көйгөй бүгүнкү күнгө чейин созулууда. Электр энергиясынын эң маанилүү жалгыз булагы болуп суу ресурсу эсептелет.

КРда электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонула турган жаратылыш газынын ири запастары, ошондой эле атомдук энергияны өндүрүү үчүн технологиялык жана өндүрүштүк потенциалы жок.

Учурдагы гидроэнергетикалык объекттер бир нече ондогон жылдар мурда курулуп пайдаланууга берилген жана азыр алардын көпчүлүгүнүн иштөө мөөнөтү өтүп баратат. Андан тышкары, союз убагында курулган электр тармактары бир регионалдык системага киргизилип, Кыргызстанды Өзбекстан, Казакстан менен «чырмалган» тейде иштөөгө мажбурлап койгон.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийин улуттук интеграцияланган электр тармагын түзүү зарылдыгы келип чыкты. Жогоруда аталган абалдардын баары энергетика тармагына чоң инвестицияларды тартып келүү талаптарын койду. 

Экономикалык реформалар

Бюджетке тышкы жардамдардын көрсөтүлүшү 1990-жылдардагы социалдык-экономикалык реформалар, 1990-жылдардын ортосундагы тыштан таасир берген пост-союздук экономикалык солгундоолор,  2000-жылдардын аягындагы финансылык кризис, 2010-жылдардагы окуялар жана COVID-19 пандемиясы менен түшүндүрүлөт.

Экономикалык реформалар жана тышкы таасирлердин терс кесепеттерин жоюу үчүн кайсы бир бөлүгү тышкы жардамдан каржыланган мамлекеттик бюджеттен ири өлчөмдөгү каражаттар талап кылынган. Төмөндө 1992-2020-жылдары бюджетти колдоого тартылган гранттардын жана кредиттердин жылдык динамикасы көрсөтүлгөн.

1992-2020-жылдар арасындагы төлөм баланстарын жана бюджетти колдоого тартылган тышкы жардамдардын көлөмүнүн динамикасы

1992-2000-ж.ж. бюджетти колдоого каражаттар жыл сайын түшүп турганын көрүүгө болот. Бул каражаттар базар экономикасын киргизүү боюнча реформаларды каржылоого жумшалган.

2000-жылдардын аягындагы, 2008-жылдагы финансылык кризистен чыгуу үчүн бюджетке жардам керек болгон. Андан кийин бюджетти өтө олуттуу колдоо тагырааак айтканда, жардам сураган мезгилдер 2010-2011-жылдарга – 2010-жылдагы кайгылуу окуяларга туура келет. 

2015 жана 2016-жылдар тышкы таасирлер болгон – улуттук валютанын девальвациясы жана чет өлкөлөрдөн акча которуулардын кыскарышы менен мүнөздөлөт. Ушул жылдары дагы бюджетти колдоого чоң өлчөмдөгү финансылык жардамдар тартылган.

Акыры, 2020-жылы коронавирус пандемиясы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин кескин кыскарышына, социалдык сектордогу жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кошумча чыгымдардын көбөйүшүнө, натыйжада, экономикалык өсүүнүн 9%га төмөндөшүнө алып келди. Бул өз кезегинде 2020-жылы бюджетти кармоого чоң финансылык жардамдарды алууга түрткү болду.

Тышкы жардамдарды тармактар боюнча бөлүштүрүү

КРда тышкы жардамдын тармактык бөлүштүрүлүшү эл аралык көрсөткүчтөрдөн канчалык айырмаланат? Төмөндө Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) маалыматтары боюнча расмий тышкы жардамдын тармактарга бөлүштүрүү маалыматтары берилген.

 2001-2019-жылдардагы тыштан келген расмий жардамдарды тармактарга бөлүштүрүү

2001-2019-жылдары расмий донорлор тараптан Кыргызстанга (мамлекет жана эл аралык институттар) тышкы жардам катары 2.08 трлн доллар (жыл сайын 109.3 млрд доллар) келген.

Тыштан тартылган жардамдарда дагы кандайдыр бир деңгээлде кээ бир секторлорго концентрация болгону байкалат. Глобалдуу масштабда келген жардамдар төмөнкү тармактарга багытталган.

  • «Өкмөт (бюджет жана мамлекеттик башкаруу) жана Жарандык сектор»  – 15%
  • «Транспорт жана логистика» – 10.8%
  • «Билим берүү» – 10.6%
  • «Энергетика» – 9%

Тыштан келген жалпы жардамдын 45.3%ы ушул төрт секторго туура келет.

Жогоруда келтирилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, Кыргызстанга тыштан келген жардамдар дүйнөдөгү башка мисалдардай эле үч-төрт секторго топтолуу менен мүнөздөлөт.

Кыргызстанда дагы, дүйнөлүк масштабда да тышкы жардам көбүнчө бюджетти колдоого, транспортко жана энергетикага тармактарына багытталат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.80
EUR 96.11
RUB 1.10
Моссовет
USD 84.90
EUR 97.11
RUB 1.12

Конвертер валют